Украинадагы согуш: Орусиянын жоготуулары 350 миңден ашты

2023-жылдын 23-марты. Орусиянын Тула облусундагы Ефремов шаарындагы көрүстөндө көр казып жаткан киши. (Сүрөттүн автору Наталья КОЛЕСНИКОВА/AFP)

Украинадагы согушта Орусиянын жоготуусу барган сайын өсүп жатат. "Медуза" жана "Медиазона" долбоорлорунун биргелешкен соңку иликтөөсүндө каза тапкан орусиялык аскерлер 2025-жылдын аягына карай 352 миңге жеткени айтылат.

Басылмалар иликтөөдө Mediazona, Би-Би-Синин орус кызматы жана ыктыярчылар тобу менен биргеликте түзгөн маркумдардын аты-жөнүнүн тизмесине, Орусиянын мурас иштери реестринин маалыматтарына таянган.

Курман болгондордун ысымын мурастык иштер реестринин тизмеси менен салыштырып жатып, иликтөөнүн авторлору реестрге согушта өлгөндөр жаш курагы жана социалдык тобуна карай киргизилиши ыктымалдыгын эске алышкан. Аягында бул коэффициентке жараша журналисттер мурастык иштерди жоготуулардын чыныгы санына "которушкан".

Орусиянын Украинага каршы согушунда курман болгон украин жоокерлеринин көрүстөнү. Эстеликтердин үстүндө Украинанын мамлекеттик желеги илинген. Днепр, Украина

352 миң кишинин ичинде 261 миңи каза тапкандар жана сот чечими менен дайынсыз жоголгон, мындан тышкары өлгөн деп табылган же башка себеп менен өлүмү 180 күндөн кийин гана катталган 90 миң киши да бар. Журналисттер Украинадагы согушка Орусия тараптан катышып, мерт болгон чет өлкөлүк жарандарды эсепке албаганын белгилешти.

Дагы караңыз

"Өлбөс полк" жүрүшү: эскерүүбү же пропагандабы?

Иликтөөчүлөр бул статистикалык баалоо экенин, болжолдуу айырма бар экенин эскертишти.

"Конкреттүү бир санды көрсөтүү менен биз борбордук, көбүрөөк ыктымалдуу маанилер жөнүндө айтып жатабыз", - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин журналисттер Украинадагы согушта мерт кеткен 217 миң адамдын аты-жөнүн аныкташкан.

Вашингтондогу Стратегиялык жана эл аралык изилдөөлөр борбору (CSIS) быйыл январдагы маалыматында согуш уланып жаткан төрт жылдан бери Орусиянын жана Украинанын жоготуулары, каза тапкандар менен жарадарларды санаганда, 2 миллион кишиге чукулдаганын билдирген.

Тула облусундагы Ефремов шаарындагы көрүстөн. 2023-жылдын 24-марты

Орусиянын Украинага "атайын аскердик операция" деп атаган негизсиз кол салуусуна 2026-жылдын 22-февралында туура төрт жылдын жүзү болду. Ошондон бери орус аскерлери Украинага күн сайын сокку уруп жатат. Бул мезгил аралыгында Украинада миңдеген киши бейажал өлүм тапты, миңдегени майып, качкын болуп, үй-жайсыз калды.

Дагы караңыз

Украинадагы согуш дүйнөнү кандай өзгөрттү?

Москванын согушуна жооп иретинде Украина Орусиянын армиясынын каржы булагы деп эсептелген мунай заводдорун жана башка объектилерин маал-маалы менен бутага алып келет.

2026-жылдын январь айына карай "Кызыл чырым" эл аралык комитетинин Борбордук издөө агенттине (ЭККК) 205 миң адам Украинадагы согушта дайынсыз кеткен жакынын издеп кайрылган.

Алардын арасында жайкын тургундар менен катар аскер адамдары дагы бар. Кармаш башталган төрт жыл ичинде 16 300 киши жакындарынын тагдыры же анын кайсыл жерде экени тууралуу маалымат алышкан.

Агенттиктин жардамы менен туткундагылар менен алардын үй-бүлөлөрүнүн ортосунда байланыш түзүлүп, 36 миңге жакын кат-кабар жеткирилген. "Кызыл чырым" комитети бул сандар дайынсыз болуп жаткандар тууралуу жалпы жагдайды чагылдырбай турганын эскертет.