Түндүк-түштүк жолунда жаңы тейлөө пункттары ачылат

Түндүк-түштүк альтернативдүү жолунда курула турган тейлөө пункттарынын картасы. Сүрөт Транспорт министрлигинен алынды.

Түндүк-түштүк альтернативдүү унаа жолунда үч жол тейлөө пунктунун курулушу башталды. Бул тууралуу 11-майда Транспорт жана коммуникациялар министрлиги кабарлады. Тейлөө пункттары Балыкчы - Жалал-Абад жолунун 107, 261 жана 358-чакырымдарында курулат.

Маалыматка караганда, курулуш иштери Кызарт жана Сузак аймактарында башталды. Ал эми Сары-Камыштын 261-чакырымдагы курулуш иштери тиешелүү документтер толук бүткөндөн кийин башталат.

"Бул долбоор жол тейлөө иштерин өз убагында жана сапаттуу жүргүзүү, жолчулардын жашоо-шартын жакшыртуу, ошондой эле кооптуу аймактардагы жол тейлөө иштеринин сапатын арттыруу максатын көздөй турганы" маалыматта белгиленген.

Пункттар сел жүрүү жана таш кулоо коркунучу бар, кыш мезгилинде көчкү түшүү тобокелдиги жогору аймактарда курулууда. Бул авариялык кырдаалдар жаралганда же көчкү түшкөн учурларда кооптуу тилкелерге ыкчам жетип, өз убагында чара көрүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.

Жолду куруу долбооруна 937 миллион долларлык насыя алынган (46 миллиону - грант). Бул каражаттын 560 миллиону өздөштүрүлгөнү айтылган. Негизги инвесторлор – Кытайдын Эксимбанкы, Азия өнүктүрүү, Ислам өнүктүрүү банктары.

Курулушту Кытайдын China Road & Bridge Corporation ишканасы жүргүзүүдө. (КЕ)

Дагы караңыз

Сатыбалдиев Улуттук олимпиада комитетинин президенттигине талапкерлигин койбойтДССУнун башчысы хантавируска байланыштуу Испанияга барды Трамп тынчтык сунушуна Ирандын жообун "кабыл алынгыс" деп атады Президент Жапаров "апрелчилер" үчүн курулуп жаткан фабрикага бардыОш базары жаңы соода комплекси толук бүткөндө көчүрүлөт