Милиция Кара-Балта шаарында төрт өспүрүм кыз 16 жаштагы окуучуну сабап салган окуяны териштирүүдө. Бул тууралуу Чүй облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, 10-майда небересин бирөөлөр себепсиз сабап кеткенин айтып, жергиликтүү жаран милицияга кайрылган. Окуя 7-майда 20:30дар чамысында болгон.
Текшерүүнүн жүрүшүндө аныкталгандай, 16 жаштагы кыз ошол күнү дүкөндөн үйүнө кайтып бара жатып 16, 17 жана 13 жаштагы кыздарга жолуккан.
"Алардын ортосундагы сүйлөшүүдөн кийин К. аттуу кыз Т.А.ны жаакка чаап, андан соң кыздар анын чачынан тартып, колун кайрып, денесине жана башына урган. Т.А. жерге жыгылганда аны тепкилешкен. Окуя учурунда алар уюлдук телефондоруна видео тартып турушкан. Кийинчерээк бейтааныш эркек киши келип, кыздарды ажыраткан", - деп айтылат милициянын маалыматында.
Учурда окуянын бардык жагдайларын тактоо боюнча тергөө жана текшерүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Жабырлануучуга соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Анын жыйынтыгы менен мыйзам чегинде тиешелүү чечим кабыл алынары белгиленди.
Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2024-жылы 14 жаштан 17 жашка чейинки 188 бала, 18 жаштан 24 жашка чейин 984 жаран сот жообуна тартылган. (КЕ)