Өкмөт күйүүчү майдын баасынын көтөрүлүшүн алдын алуу үчүн салыктык жеңилдиктерди киргизет. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 13-майда журналисттерге билдирди. Ал дүйнөлүк биржаларда дизел эки эсеге, бензин 60-70% кымбаттаганын, өкмөт Кыргызстанда баанын кескин кымбатташын алдын алуу чараларын көрүп жатканын тактады.
“Башка коңшу өлкөлөрдү карасаңар, баа такыр өсүп кетти. Биз кармап жатабыз. Абал ошол экен. Айла жок. Күйүүчү май кымбаттаса, жер семирткичтин, азык-түлүктүн баасы да көтөрүлөт. Биз болгон мүмкүнчүлүгүбүздү, колдоолорду көрсөтүп, кескин кымбаттабашына аракет кылабыз. Бирок баары бир кымбаттайт”, - деди Касымалиев.
Ал күйүүчү май ташуу жана сатууда айрым салыктар алынарын, бул боюнча токтомдор жакында жарыяланарын тактады.
Мунун алдында Мунай ташуучулар биримдиги Кыргызстанга ташылган күйүүчү май баасы дагы эле өсүп жатканын билдирген. Биримдиктин төрагасы Канат Эшатов Кыргызстанда 30-35 күнгө жете турган күйүүчү май запасы бар экенин маалымдаган.
Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков күйүүчү майдын кымбатташына байланыштуу түшүндүрмө берген. Ал баанын өсүшүнө Жакынкы Чыгыштагы кырдаал себеп болгонун, учурда мамлекет мунайды өндүрүп, кайра иштетүү багытында активдүү иш жүргүзүп, “Кыргызнефтегаз” жана “Жунда” заводдорунда модернизация жүрүп жатканын айткан.
Мунай ташуучулардын маалыматына караганда, күйүүчү майдын дүйнөлүк баасы акыркы убактарда 25-30% кымбаттады.
Кыргызстан өзү керектеген күйүүчү майдын 95% Орусиядан сатып алат. Соңку айларда Украина Орусиянын Кара деңиздеги жана Балтикадагы портторуна, мунай иштетүүчү заводдоруна улам сокку урууда.