"Тазалоо уланат". УКМКнын 22 кызматкерине кылмыш иши козголду

УКМКнын жаңы имараты.

УКМКнын 22 кызматкерине Аскер прокуратурасы кылмыш ишин козгогону белгилүү болду. Алардын айрымдары камакка алынса, башкалары үй камагында. Алар кайсы иш боюнча айтыпталып жатканы тууралуу айтыла элек. Андан бери иштен алынып, камакка алынгандар арасында ири башкармалыктардын жетекчилери бар.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин 22 кызматкери ар кандай кылмыштарга шектелип кармалганы тууралуу мекеменин биринчи төрага орун басары Алишер Эрбаев 12-майда Жогорку Кеңештин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Алишер Эрбаев УКМКнын төрагасынын орун басары

“Биздин кызматкерлер боюнча башында Жогорку Кеңеште сын-пикирлер айтылган. Учурда бул боюнча бир топ иштер жүрүп жатат. Азыркы күндө биздин 22 кызматкер кармалган, алар үй камагында же убактылуу кармоо жайында отурат. Андан сырткары ички иликтөө иштери да учурда жүрүп жатат. Мындан ары да тазалоо иштери болуп жатат жана уланат”.

Башкы прокуратура соңку козголгон кылмыш иштери тууралуу расмий маалымат бере элек.

Буга чейин УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Тимур Шабданбеков, Данил Рысалиев, Бишкек башкармалыгынын мурдагы башчысы Элдар Жакыпбеков жана бир топ кызматкерлер кармалган эле.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Ташиев баштаган сегиз кишинин иши сотко өттү

Шабданбеков 29-апрелде үй камагына чыкканын Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы ырастаган. Маалыматта ал 13-июнга чейин үй камакта болору көрсөтүлгөн.

“Бул жерде ачык сөздү айтышыбыз керек, жетекчилик тарабынан кызматкерлерди көзөмөлдөө жок болуп калган. Буга чейинки төрага кызматкерлерге карата жаза колдонгонун айтып калчу эле. Бирок мындай көрүнүштөрдөн кийин балдарын көзөмөлдөн чыгарып жибергени белгилүү болуп калды. Андан сырткары тандап алуу иштери сапатсыз болгон. Кызматкерлерге түшүндүрүү иштери жүргөн эмес”,- деди атайын кызматтын арадагери Аалыбай Каипов.

Атайын кызматтын төрагасы Жумгалбек Шабданбеков буга чейин ички иликтөөнүн жыйынтыгында жети киши атайын кызмат системасынан, 83 киши кызматынан бошотулуп, 13 кызматкер тартип жазасына тартылганын, алтоо УКМКга кызматка талапкерлердин тизмесинен чыгарылганын айткан.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бекназаров: Мандат тапшыруу - "Ташиев толкунунун" уландысы

Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Артур Медетбеков массалык жумуштан четтегендер менен кылмыш иши козголгондордун жагдайын тазалануу деп эсептейт:

“Кылмыш ишине шектүү катары кызматкерлердин кармалганы тазалануунун жүрүшү болот. Бул мыйзамдын иштеп жатканынын көрүнүшү. Башка органдарда бир жыл ичинде кызматкерлерге жүз-эки жүз кылмыш иши козголгон учур болгон. Ал эми УКМКнын кызматкерлери массалык түрдө иштен бошоп жатканы биринчи жолу болду. Эми алдыда тергөө иштери болот, бул сан көбөйүшү да мүмкүн”.

Кармалып, камалган кызмат адамдарынын жакындары жана адвокаттары соңку жагдайлар боюнча комментарий берише элек. Атайын кызматтын кызматкерлеринин үстүнөн даттануулар мурунку төрага Камчыбек Ташиев 10-февралда кызматтан кеткенден кийин көбөйдү. Мүлктөрүн тартып жибергенин айткан ишкерлер чет өлкөгө качып кетүүгө аргасыз болгонун эми гана ачыкташууда.

Бул күндөрү Камчыбек Ташиев, парламенттин экс-спикери Нурланбек Тургунбек уулу баш болгон сегиз кишинин иши тергелип бүтүп, сотко өттү. Кылмыш ишине “жашыруун” деген гриф коюлгандыктан сот отурумдары жабык болору маалым болду.

Мурдагы чиновниктерге президенттик шайлоону быйыл өткөрүү тууралуу 75 адамдын катына байланыштуу “бийликти күч менен басып алуу” айыбы коюлган.