Урматбек Самаев Токтогул районунун акими болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин администрациясы 15-майда маалымат таратты. Анын алдында райондун мурдагы акими Акылбек Тукебаев кызматтан бошотулган.
Тукебаев районду 2021-жылдын май айынан бери башкарып келди.
Урматбек Самаев буга чейин президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн орун басары болуп иштеген.
Токмок шаарынын мурдагы мэри, Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси - “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” менен айыпталган Урматбек Самаевди Жогорку сот 2025-жылы январда актаган.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Урматбек Самаевди 2023-жылдын апрель айында кармап, ага “Токмок жылуулук” муниципалдык ишканасында туруктуу коррупциялык схема уюштурууга тиешеси бар деп айып таккан.
Атайын кызмат 2020-жылдан 2023-жылга чейин аталган ишкананын турак үйлөрдү борбордук жылуулук тутумуна мыйзамсыз кошуу, жаратылыш газын ашыкча коротуу, күйүүчү майды негизсиз эсептен чыгаруу сыяктуу мыйзам бузууларынан мамлекетке 130 миллион сомдон ашык зыян келтирилгенин билдирген.
2024-жылдын 9-февралында Токмок шаардык соту Урматбек Самаевди Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси – “Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу” менен актаган. Ал эми “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен күнөөлүү деп таап, 1 миллион сом айып пул салган. Бул чечимди Чүй облустук соту күчүндө калтырган.
39 жаштагы Урматбек Самаев 2016-жылы Жогорку Кеңешке “Кыргызстан” партиясынын тизмеси менен депутат болгон. 2021-жылы августта Токмок шаарынын мэри болуп дайындалган.