Кыргызстанда Энелер күнү белгиленүүдө

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда бүгүн 17-майда Энелер күнү белгиленүүдө. Энелерге таазим иретинде түрдүү иш-чаралар уюштурулуп келди, куттуктоолор айтылууда.

Президент Садыр Жапаров өз куттуктоосунда бүгүнкү күндө кыргыз энелери уул-кыздарды тарбиялап гана тим болбостон, билим берүүдө, саламаттык сактоодо, илимде, маданиятта, ишкердикте жана мамлекеттик кызматта ийгиликтүү эмгектенип, коомубуздун таянычына айланганын белгиледи.

"Ошондуктан кыргыз коомчулугу энени жөн гана бала төрөгөн аял эмес, үйдүн куту, тарбиянын башаты жана улуттун келечегин калыптандыруучу аты улук аялзаты катары жогору баалашат. Ата-бабаларыбыздын жолун улап, эне болуу бактысына эгедер айымдардын баарын урматтап, кадырына жете билели", - деп айтылды мамлекет башчынын куттуктоосунда.

Кыргызстанда Энелер күнү жыл сайын май айынын үчүнчү жекшембисинде расмий түрдө белгиленет. Майрам 2012-жылы президенттин жарлыгы менен расмий бекитилген. Максаты - энелердин коомдогу жана үй-бүлөдөгү ордун баалоо, эне мээримин, асылдыгын даңазалоо жана аларга камкордук көрүү.

15-майда 1045 аялга "Баатыр эне" наамы ыйгарылды. Алар жети жана андан ашык бала төрөп, чоңойтуп, тарбиялап жаткан энелер. Ошондой эле алты бала төрөп, чоңойтуп, сыймыктуу тарбиялап жаткан 1023 аялга "Эне даңкы" медалы ыйгарылды. 1992-жылдан бүгүнкү күнгө чейин “Баатыр эне” орденин алгандардын саны 40 миңден ашты.

Дагы караңыз

Ош: Курулуш объектисинде унаа кулаган окуя боюнча териштирүү жүрүп, чара көрүлдүEurovision ыр сынагында болгариялык ырчы жеңүүчү болдуИталияда жөө жүргүнчүлөрдү машина сүзүп, сегиз киши жараат алдыПутин Приднестровье тургундарына орус жарандыгын жеңилдетилген тартипте алууга уруксат берди