Министрлик “Акыркы коңгуроого” акча чогултууга тыюу салынганын эскертти

Бишкектеги мектептердин бири. Иллюстрация сүрөт.

Агартуу министрлиги мектептерде “Акыркы коңгуроо” салтанатына бүтүрүүчүлөрдөн, ата-энелерден акча чогултууга тыюу салынганын эскертти.

Мекеме мындай чечим коррупциялык көрүнүштөрдү алдын алуу, ата-энелерге кошумча материалдык чыгым келтирүүнүн алдын алуу үчүн кабыл алынганын, ага ылайык мугалимдерге же мектеп администрациясына белек алуу үчүн каражат чогултууга, мектептен тышкаркы иш-чараларды уюштурууга тыюу салынганын билдирди.

Быйыл өлкөдө 80 миңден ашуун окуучу мектепти аяктайт. 2025–2026-окуу жылында 11-классты 80 миң 829 окуучу аяктаса, 9-классты 135 миң 979 окуучу бүтүрөт. Мектептерде “Акыркы коңгуроо” салтанаты 29-майда өтөт. (BTo)

Дагы караңыз

Зеленский Москвага соккуларды "Орусиянын согушуна жооп" деп атады Кыргызстандык аба компанияларды “кара тизмеден” чыгаруу боюнча акыркы иштер жүрүүдөМосква аймагы согуш башталгандан берки эң ири чабуулга кабылдыАмангелдиев банктар “Камбар-Ата-1” ГЭСине каражат бөлүүгө даяр экенин айттыСадыр Жапаров БУУдагы шайлоого байланыштуу дүйнө лидерлерине кайрылдыЭболанын сейрек түрү: Дүйнөлүк саламаттык уюму тынчсыздануусун билдирди