Эл аралык Amnesty International уюму 2025-жылы Иранда 2159 адам өлүм жазасына тартылганын, бул 1981-жылдан бери эң жогорку көрсөткүч болгонун 18-майда маалымдады.
Баш кеңсеси Лондондо жайгашкан Amnesty International былтыр жалпы дүйнө жүзүндө, Кытайды кошпогондо, 2707 адам өлүм жазасына тартылганын билдирди.
Уюм маалымдагандай, Кытайда миңдей өлүм жазасы аткарылган, анын себептери коммунисттик өлкөдө мамлекеттик сырдан улам ачыкталбайт.
Эл аралык мунапыс уюму 2025-жылы Сауд Арабиясын, Кувейт, Египет, Йемен, Сингапур жана АКШдагы өлүм жазасын камтыган глобалдык көрсөткүч 2024-жылдагы көрсөткүчкө салыштырмалуу өскөнүн билдирди.
"Бул тенденция бийлик адам укуктары жаатында эл аралык укук жана стандарттар менен бекитилген кепилдиктерди бузуп, өзгөчө пикир айткандарды кысуу менен өз бийлигин күчөткөн өлкөлөрдө ачык көрүндү", - деп жазылган билдирүүдө.
Анын ичинен "Ирандагы үрөй учурарлык өсүш" бийлик "өлүм жазасын саясий репрессия жана көзөмөлдүн куралы катары пайдаланууну күчөткөн", өзгөчө Израил менен 2025-жылдын июнундагы согуштан кийинки учурга туш келген.
Amnesty International жана башка укук коргоочу уюмдар Тегеран өлүм жазасын колдонууну январда жана АКШ менен Израилге каршы согуш башталгандан кийин бийликке каршы жапырт нааразылыктардан соң күчөткөнүн билдиришкен.
Уюм маалымдагандай, Иранда 2025-жылкы ишке ашырылган өлүм жазасынын 2159 учуру "өлкөдөгү 1981-жылдан берки эң жогорку көрсөткүч".
Так маалымат алуудагы кыйынчылыктардан улам башка уюмдар Ирандагы өлүм жазасы тууралуу түрдүү маалыматтарды беришүүдө. Норвегиялык Iran Human Rights NGO уюму Иранда былтыр 1639 адам өлүм жазасына тартылганын билдирген.
Тегеран 2026-жылы 30 адам өлүм жазасына тартылганын маалымдаган.
Эл аралык мунапыс уюму билдиргендей, былтыр Сауд Арабиясында кеминде 356 адам өлүм жазасына тартылган, 2024-жылы 345 учур катталган. Кувейтте 17 адам, Египетте 23, Йеменде 51 адамга карата жогорку өкүм аткарылган. AI билдиргендей, АКШнын Флорида штатындагы 19 учурда кошкондо жалпы өлкөдөгү өлүм жазасынын саны 47ге жеткен, бул 2009-жылдан берки эң жогорку көрсөткүч.
Amnesty International: Иран былтыр 2100дөн ашуун кишини өлүм жазасына тарткан
Amnesty international уюмунун эн белгиси. Иллюстрациялык сүрөт.