Алты жылда Кыргызстанда бөйрөк алмаштырган 84 операция жасалды

Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектеги Эне жана баланы коргоо борборунда 2018-жылдан бери бөйрөк трансплантациясы боюнча 84 операция жасалды. Анын жарымы акысыз жасалганын саламаттык сактоо министринин орун басары Тилек Мамадалиев билдирди.

Ал бул тууралуу Жогорку Кеңештин Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелер комитетинин 18-майдагы жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, билдирди.

Мамадалиевдин маалыматында, 2024-жылдан бери бөйрөк алмаштыруу мамлекеттин эсебинен жүргүзүлүүдө. Ал жылы 21 операция акысыз жасалса, былтыр 16 операция жүргүзүлгөн. Быйылкы жылдын башынан бери бөйрөк трансплантациясы беш жолу мамлекеттин каржылоосу менен жасалды.

Мындан тышкары Кыргыз-Түрк ооруканасында 16 жолу бөйрөк алмаштырылган. 2024-жылы аталган ооруканада түркиялык дарыгерлердин көмөгү менен алгачкы операциялар жасалган.

Кыргызстанда бөйрөктү акысыз алмаштыруу операциясы биринчи жолу 2024-жылдын февралында жасалган. Ага чейин бейтаптар 7-8 миң долларлык мындай операциянын акысын өз чөнтөгүнөн төлөшчү.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматында, Кыргызстанда 2010-жылдан бери гемодиализ алган бейтаптардын саны эки эсе өстү - 2010-жылы 2860 адам болсо, бүгүнкү күндө 4478 адам.

Өнөкөт бөйрөк жетишсиздигинен жабыркаган 4500дөй бейтап гемодиализди жеке медициналык мекемелерден алат, алар аутсорсинг системасынын негизинде кызмат көрсөтөт.

Мамлекет бейтаптын ар бир сеансы үчүн 6500 сомдон төлөйт жана жылына бул дартка чалдыккандар үчүн 4 миллиард сом бөлүнөт.(ZKo)

Дагы караңыз

Камчыбек Ташиевдин иши боюнча баштапкы соттук угуу башталдыКыргызстан эбола вирусуна байланыштуу алдын алуу чараларын күчөттүAmnesty International: Иран былтыр 2100дөн ашуун кишини өлүм жазасына тарткан Жогорку сот Бакировду “добуш сатып алуу иши” боюнча актадыОрус рублинин сомго карата курсу 2022-жылдан бери жогору чекке жетти Eurovision ыр сынагында болгариялык ырчы жеңүүчү болду