Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу үчүн 214 үй алынат

Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунун картасы.

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу үчүн жолдун сызыгындагы 214 үй сүрдүрүлөт. Анын ичинен 191 үй Жалал-Абад облусундагы Сузак районунда, калганы Нарын облусунда.

Бул тууралуу транспорт жана байланыш министринин орун басары Алмаз Тургунбаев Жогорку Кеңештин Өнөр-жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш комитетинин 18-майдагы жыйынында билдирди.

Тургунбаевдин маалыматында, көз карандысыз компания бузулуучу үйлөрдүн баасын аныктаган, андан кийин Баалоочулар ассоциациясы корутунду берген. Алардын корутундусу Министрлер кабинетине киргизилген. Учурда кенемте төлөө боюнча Жалал-Абад облусунда турак жай ээлери менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Жогорку Кеңештин профилдүү комитети 18-майда "Кыргызстанга Кытайдан жеңилдетилген насыя берүү жөнүндө өкмөттөр аралык макулдашуунун долбоору тууралуу" мыйзам долбоорун карап, макулдугун берди.

Кытайды Борбор Азия менен, андан ары Жакынкы Чыгыш жана Европа менен байланыштырган темир жолдун алкагында 50 көпүрө жана 29 туннел курулары кабарланган. Жалпы узундугу 532 чакырымдан ашуун темир жолдун 304 чакырымдан ашыгы Кыргызстандын аймагы аркылуу өтөт.

2024-жылдын 27-декабрында темир жолдун курулушунун башталышына старт берилип, анда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Кытайдын төрагасы Си Цзинпин жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев кайрылуу жасашкан.(ZKo)

Дагы караңыз

Ливанда Израилдин соккуларынан каза тапкандар үч миңге чукулдадыЖогорку сот Бакировду “добуш сатып алуу иши” боюнча актадыЖетим-Тоо кенин иштетүүгө инвестор изделип жататБишкекте Ташиев баштаган сегиз кишинин соту башталды "Агентство": Орус телеканалдары Москвадагы дрон соккусуна бир мүнөт бөлдүАлты жылда Кыргызстанда бөйрөк алмаштырган 84 операция жасалды