Ысык-Көл районундагы Тамчы айылында көл жээгине көп жылдыздуу мейманкана куруп жаткан компанияларга экологиялык мыйзамдарды бузганы үчүн айып пул салынды.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин маалыматына караганда, Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы "Авангард Резорт", "КыргызИнвестСтрой" жана "Елизавета" курулуш компанияларынын объекттерине пландан тышкары текшерүү жүргүзгөн.
Текшерүүнүн жүрүшүндө Ысык-Көлдүн суу фондунун жерлерине мыйзамсыз түрдө топурак жана кум төгүлгөндүгү, ошондой эле экологиялык мыйзамдардын талаптары толук сакталбагандыгы аныкталды. Аталган фактылар боюнча тиешелүү чаралар көрүлүп, административдик айып салынган.
"Авангард Резорт" компаниясы 1 925 237 сом, "КыргызИнвестСтрой" 1 929 562 сом, ал эми "Елизавета" курулуш ишканасы 1 711 791 сом айып пул төлөөгө милдеттендирилди.
Курулуш компанияларына мыйзам бузууларды жоюу, мамлекеттик экологиялык экспертизанын талаптарын аткаруу жана уруксат берүүчү документтерди толук тариздөө талабы коюлду.
Блогер Эртай Искаков Фейсбуктагы баракчасына аталган курулуш компаниялары көл жээгине кум төгүп, эс алуу аймагын кеңейтүүнү көздөп жатканы тууралуу постун видео менен коштоп жарыялаган. Курулуш компаниялары жээкти бекемдөө максатында кум төгүшкөнүн, экологиялык коопсуздук бузулбаганын билдиришкенин Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги маалымдаган.
Мурда Ысык-Көлдүн жээгинен 500 метр аралыкта курулуш жүргүзүүгө тыюу салынып, машиналардын кирүүсү чектелген болсо, азыркы учурда 100 метрге чейин кирүүгө уруксат берилген. Экологдор мындан көлгө зыян көбөйгөнүн айтып келишет.(ZKo)