Камчыбек Ташиевдин жакындарына таандык делген "Регион" телеканалы ушул жылдын 30-апрелинде кайра каттоодон өткөнүн Юстиция министрлигинин атайын базасынан көрүүгө болот. Аталган мекеменин сайтындагы маалыматка караганда, расмий "АРТВ" деп аталган жоопкерчилиги чектелген коом адеп 2019-жылдын 18-апрелинде каттоодон өткөн. Анда расмий дареги катары Жалал-Абад шаары көрсөтүлгөн болсо, азыр Бишкек шаары болуп өзгөргөн.
Каналдын мурдагы директору Өткүрбек Рахмановдун ордуна, Замирбек Аманбаев жетекчи экени жазылган. Ал эми Рахманов директордун орун басары болуп калган. Аталган коомдун кожоюну катары Жыргалбек Токторовдун ысымы көрсөтүлгөн.
Мурдагы документтер боюнча бул ишканага Эрали Маматов кожоюн катары белгиленген.
"Регион" каналына директорлук кызматка жаңы келген Замирбек Аманбаев 2015-жылдагы парламенттик шайлоого "Азаттык" демократиялык партиясынын тизмесинен 89-тизмеде талапкер болуп катышкан. Аманбаев ошондой эле парламенттин мурдагы депутаты Акматбек Келдибековдун консультанты болуп иштеген.
Расмий булактарда Замирбек Аманбаевдин атасы Эрнис Аманбаевдин ветеринардык фирмасы катталган даректе азыр "Регион" телеканалы катталып турат. Атүгүл үйүнүн, көчөсүнүн номуру да бир даректе көрсөтүлгөн.
Ал эми "Региондун" мурдагы кожоюну Эрали Маматов 2011-жылы катталган "Лента кейжи" жоопкерчилиги чектелген коомунун кожоюну катары көрсөтүлгөн.
Эрали Маматовго таандык белген ишкананын каттоосу
"Региондун" азыркы кожоюну Жыргалбек Токторов тууралуу ачык булактарда маалымат дээрлик жок.
Каналды буга чейин башкарып, Камчыбек Ташиевдин атынан соңку учурда билдирүүлөрдү таратып келген Өткүрбек Рахманов каналдагы соңку өзгөрүүлөр күтүүсүз болгонун белгилеп, андан редакциялык саясат өзгөрбөй турганын айтты:
Өткүрбек Рахманов
"Директор алмашып, мен орун басар болдум. Замирбек Аманбаев деген киши жетекчилик кызматка отурду. Иш ыргагы баягыдай эле, жаңылыктар, маектер чыгып жатат. Себеби жок, директор жөн эле алмашты. Бийликке биз мурдагы эле редакциялык саясатта, анын позициясын кандай колдоп келген болсок, ошол эле багытта ишибизди улантабыз. Болгону жетекчи алмашты, мен орун басар болуп калдым, кеткен жокмун".
Бирок бир катар булактар бул алмашуулар Камчыбек Ташиевдин айланасындагы соңку окуялар менен байланыштуу экенин билдиришти. Быйыл февралда Камчыбек Ташиев УКМК төрагалыгынан кызматтан алынган, учурда "бийликти басып алууга аракеттенүү" беренеси кылмыш иши козголуп, сот өтүүдө. Соңку учурда Ташиевге жакын адамдар кызматтан кетип, маалыматтык чөйрөдөгү таасири кыйла азайды.
"Регион" 2020-жылдагы Октябрь окуясынан соң ишин күчөтүп, Камчыбек Ташиевдин ишмердигин байма-бай чагылдырып келген. Каналдын артында Ташиевдер турганын мындан буга чейин мекеменин ошол кездеги жетекчиси Өткүрбек Рахманов четке каккан эмес.
"Камчыбек Ташиев интервьюларынын биринде муну өзү тастыктап, "Регион" бизге караштуу деп айткан. Эми бул жерде жашырчу эч нерсе жок, бул кылмыш эмес, бул жаман иш эмес", - деген Рахманов буга чейин жергиликтүү блогерлердин бирине курган маегинде.
Канал Ютубда жана эфирде кыргыз, орус тилдеринде контент чыгарат. Мурда Камчыбек Ташиевдин аймактарды кыдырганын, жыйындарын, кайрылууларын биринчилерден болуп жарыялап келди.
Ташиев кызматтан кеткенден кийин телеканалдын иши мурдагыдан басаңдай түшкөнү байкалды. Бирок президент баш болгон өлкө жетекчилеринин ишмердигин чагылдырып келе жатат.
Көз карандысыз журналист Адил Турдукулов Кыргызстанда маалымат булактарын саясатчылар максатына жетүүдө курал катары пайдаланып келгени көндүм адатка айланганын белгиледи:
Адил Турдукулов
"Ар бир президент маалымат чөйрөсүндө өз таасирин күчөтүү же болбосо ошо бийликке жетүүдө медиа, өзгөчө телеканалдар жакшы ресурс экенин түшүнүп келген. Мисалы, Аскар Акаевдин учурунда "Пирамида, "КООРТ" телеканалдары ачылган болсо, кийин Бакиевдин тушунда "Ош ТВ" менчиктештирилип, бийликтин колуна өткөн. Андан кийин Атамбаевдин маалында "Апрель" телеканалы ачылган. Бул каналдар киреше алып келбесе да, бийликке жетүүнү, анын кармап калууну көздөгөндөр ошондой медиаларды каржылап, багып келген. Эми таасирдүү делген телеканалдардын бири "Региондун" жетекчилиги алмашып жатат. Бул иштер президенттик шайлоо деген негизги окуяны утурлай жасалууда. Медиа аркылуу маалымат таратуу оңой, анын үстүнө каналдын соцтармактарда даяр аудиториясы бар. Ошондуктан көзөмөлгө алуу азыркы приоритеттүү багыттардын бири. Көз карандысыз медиалар менен кызматташуу да жакшы жыйынтык берет. Азыр буга Ташиев унчуга элек, балким, ал активдерин бийликке өткөрүп берип жаткандыр. Ошондуктан бейрасмий болсо да Ташиевге таандык болгон каналдын башкаларга катталышы күтүлгөн эле нерсе. "Регион" каналы буга чейин Ташиевдин саясатын жүргүзүп келген, эми кандай болорун келечекте көрөбүз".
Кыргызстандагы саясатчылар коомчулуктагы өз таасирин арттыруу үчүн ар бир бийликтин тушунда өз телеканалдарын түптөп, каржылык колдоо аркылуу иштетип келген. Бирок өлкөдөгү саясий өзгөрүүлөрдөн соң маалымат каражаттарынын кожоюндары алмашып, ЖМКлар ар кандай тагдырга туш болгон.
Алардын арасында Өмүрбек Бабановго таандык НТС, Өмүрбек Текебаевдин "Сентябрь" ("Жалбырак") каналы, Алмазбек Атамбаевдин "Апрель" телеканалы бар. Атамбаев бийликте турган кезде арышы катуу болгон "Апрель" азыр жабылып, иштебей турат. "Сентябрь" телеканалы 2017-жылы соттун чечими менен экстремисттик материалдарды көрсөткөн деген негизде ободон чыкпай калган. "Жалбырак ТВ" деген аталыш менен интернетте иштей баштаган. Азыр соцтармактардагы баракчаларына Текебаевдин постторун, кайрылууларын бөлүшүп турат. НТС азыр иштеп, негизинен социалдык багыттагы темаларга, ток-шоулорго басым жасаганы байкалат.