23-майдан тартып "Коопсуз өлкө” долбоорунун алкагында жол кыймылынын эрежелерин бузганы үчүн токтомдор айдоочуларга "Түндүк" тиркемеси аркылуу, электрондук форматта жөнөтүлөт.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын (ЖКККБ) 20-майдагы маалыматына караганда, "Коопсуз өлкө” долбоорунун алкагында аппараттык-программалык комплекстер тарабынан катталган жол эрежелерин бузуу фактылары боюнча чыгарылган токтомдор 23-майдан тарта “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу жибериле баштайт. Ошол эле учурда кагаз түрүндө жана мамлекеттик электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталында да жеткиликтүү болот.
Жол эрежесин бузган унаанын ээси “Түндүк” тиркемеси аркылуу токтом менен таанышкан учурда система документтин окулган күнүн жана убактысын автоматтык түрдө каттайт. Колдонуучу “тааныштым” же “таанышкан жокмун” деген баскычтардын бирин басат. Бул аракет юридикалык күчкө ээ болот жана токтом менен таанышкандыгынын расмий далили болуп эсептелет. Эгерде жаран 30 календардык күндүн ичинде токтом менен электрондук түрдө таанышпаса, документ почта аркылуу жөнөтүлөт.
Ошондой эле жол кыймылынын эрежесин бузганы үчүн айып пулду “Түндүк” тиркемеси аркылуу онлайн төлөө мүмкүн. Мыйзамда белгиленген мөөнөттө төлөнгөн учурда жеңилдик берилет.
Жол кыймылынын эрежелерин бузганы тууралуу токтомдор "Кыргыз почтасы" аркылуу айдоочуга жиберилчү. Ошол эле учурда айдоочулар өздөрүнүн эреже бузганын uslugi.gov.kg сайтынан да тааныша алышчу. Акыркы жылдары мындай билдирүүлөр айдоочулардын кол телефонундагы электрондук банк тиркемелери аркылуу келип жатат.
Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, 2025-жылдын аягына чейин Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери салган жана "Коопсуз шаар" системасынын камералары тартып калган жол эрежелерин бузуу боюнча төлөнбөгөн айып пул 250 миң сомдон ашкан.
Кыргызстанда "Коопсуз өлкө" долбоору башында "Коопсуз шаар" деген аталышта 2019-жылы 12-февралдан тартып Бишкекте ишке кирген. Анын алкагында алгач борбор калаадагы 10 кесилишке камера орнотулуп, 17 стационардык, 20 көчмө программалык аппарат комлекстери коюлган.
ИИМдин быйыл апрелдеги маалыматына караганда, "Коопсуз шаар - коопсуз өлкө" долбоорунун алкагында Кыргызстанда 25 миңдей видео камера орнотулган.(ZKo)