Агартуу министри Догдургүл Кендирбаева 12 жылдык билим алып жаткан башталгыч класстардын окуу китептери алмашуусу ыктымал экенин айтты. Министр бул тууралуу 20-майда ата-энелер менен жолугушуу учурунда билдирди.
Кендирбаеванын сөзүнө караганда, окуу китептерин алмаштыруу маселеси ата-энелердин дооматынан улам каралууда:
"Биз алгачкы жолу бардык сабактардан окуу китептери менен чогуу иш дептерлерин чыгара баштадык. Бирок ата-энелер бул китеп, дептерлер башталгыч класстардын балдары үчүн салмактуу экенин айтып, даттанып жатышат. Ошондуктан биз китептерди окуу чейрегине же жарым жылдыкка карай бөлүп чыгарууну караштырып жатабыз", - деген министр балдарга иш дептерин акысыз берүү мүмкүнчүлүгү да каралып жатканын кошумчалады.
Кыргызстан 12 жылдык билим берүү системасына 2025-2026-окуу жылынан тартып кирди. Жаңы окуу системасына ылайыкташтырылган окуу китептеринин салмагы оордугуна, ичиндеги тапшырмалардын татаалдыгына, сүйлөмдөрдүн келегей, түшүнүксүз жазылганына нааразылыктар айтылган.
Соцтармактарда ошондой эле учурда балдарды иш дептерин окуу китепке кошо кайра мектепке тапшырууга мажбурлап жатышканын, мукабалары жука, ичиндеги барактары көп иш дептерлер бат эле жыртылып калганына нааразы болгон ата-энелер китеп-дептерлердин сүрөттөрүн кошо жарыялашууда.
Айрымдар буга 12 жылдык билим берүү системасынын демилгечиси катары министр Догдургүл Кендирбаеваны айыптап, аны кызматтан кетирүү боюнча кол чогултуп жатышканы белгилүү болду. Министр 12 жылдык билим берүү демилгесинин артында президент Садыр Жапаров турганын 20-майда ата-энелер менен жолугушууда билдирди.(ZKo)
Шерине