Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:10

Кыргызстанда 100 миңден ашуун адам жумушсуз катары каттоодо турат

Күнүмдүк ишке жалданып иштеген жумушсуз адамдар. Бишкек. ("Азаттыктын" архиви)
Күнүмдүк ишке жалданып иштеген жумушсуз адамдар. Бишкек. ("Азаттыктын" архиви)

Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда жумушсуздардын жалпы саны 104 700 адамды, ал эми жумушсуздуктун жалпы деңгээли 3,7% түздү. Бул алты жыл мурдагы көрсөткүчкө салыштырмалуу 2,1 пайызга аз.

Мындай маалымат 19-майда Бишкекте өткөн иш менен камсыз кылуу жана эмгектин келечеги тууралуу форумда айтылды.

Ага ылайык, 2023-жылы 109 миң жумуш орду түзүлгөн болсо, 2024-жылы 263 миң, ал эми 2025-жылы 274 миң жумуш орду түзүлгөн.

Уюштуруучулардын белгилөөсүнө караганда, аталган форумда кесиптик көндүмдөрдү өнүктүрүүнү, мамлекеттик ишке орноштуруучу кызматтарды заман талабына ылайык жаңылоо жана формалдуу эмес билим берүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү талкууланды.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги буга чейин өлкөдө иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү кызматтарынын каттоосунда 56,5 миң жумушсуз жаран турганын маалымдаган. (ZKo)


Шерине

XS
SM
MD
LG