Көк бөрү боюнча 9-май – Жеңиш күнүнө арналган мелдеште жогорку лигада Нарындын “Намыс” жана Таластын “Ынтымак” командалары финалга чыкты.
Жогорку лигадагы командалар эки тайпага бөлүнүп, “Ынтымак” “Достук” жана “Бийиктик” командаларын утту. “Намыс” “Сары-Өзөн” менен “Шахтёрду” жеңип финалга чыкты.
Финал 23-майда болот. Оюндар Таластагы Райкан Алканов ат майданында өтүп жатат.
Адатта Жеңиш кубогу 9-майда өтөт. Бул жолу турнир 19-майда башталды. Мунун себеби расмий түшүндүрүлгөн жок. (BTo)