Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы 21-майда саат 13:30да Mercedes-Benz Actros үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунаа Бишкектин Фрунзе көчөсүндө күн чыгыш тарапка бара жатып жети машинени сүзгөнүн билдирди. Автоунааны 54 жаштагы адам айдап бараткан.
Жабыркагандар тууралуу маалымат берилген жок. Кырсыктын жагдайлары жана себептери такталып жатат. Жол кырсыгынын кесепети тартылган видеолор социалдык тармактарда тарап жатат. Андан бир нече жеңил машине жабыркаганын көрүүгө болот.
Кыргызстанда акыркы жылдары жол кырсыктары көп катталууда. 14-майда эле Кашка-Суу айылы тараптан Бишкек шаарын көздөй келе жаткан Honda Torneo үлгүсүндөгү машине жол четинде турган 28 жаштагы келинди жанындагы 6, 4, 2 жаштагы балдары жана 14 жаштагы сиңдиси менен кошо сүзүп кетип, бешөө тең каза тапкан. Келиндин алты айлык боюнда болгон.
Кырсыкка шектүү 22 жаштагы айдоочу камакка алынган.
Расмий маалымат боюнча, 2025-жылы Кыргызстанда 8 456 жол кырсыгы болуп, андан 900 киши каза тапкан. Дагы 12 миң 169 адам ар кандай жаракат алган. Кырсыктарга автоунааны катуу айдоо, каршы тилкеге чыгуу, ичимдик ичип рулга отуруу жана айрым автожолдордун талапка жооп бербегени негизги себеп экени айтылып келет. (BTo)