"Күйөө балам төрт жыл кордоптур". Таласта зордукталган кыздын жакындары бийликке кайрылды

Иллюстрация сүрөт.

Таласта аялынын биринчи турмушундагы кызын сегиз жашынан бери зордуктап келгени сотто тастыкталган жаран 20 жылга кесилген. Өгөй атанын жакындары ошондон бери тынчтык бербей жатканын кыздын таятасы айтып чыкты.

Таласта облус жана район жетекчилеринин катышуусундагы жыйында тургундардын бири 13 жаштагы жээн небересин өгөй атасы зордуктаганын айтып, күнөөлүү адамдын катуу жазаланышын талап кылды. Ал ошондой эле "зордуктоо" беренеси менен 20 жылга соттолгон күйөө баласынын жакындары эми аларга моралдык-психологиялык басым жасап жатканына да даттанды.

Мурда мындай кылмыштар коомчулукка ачык айтылбай, жашырылып келсе, чоң жыйындагы бул кайрылуу кескин реакция жаратты. "Азаттык" жабыркаган өспүрүмдүн жакындарын таап, байланышып, окуянын чоо-жайын билди.

"Төрт жыл бою зомбулукка кабылып келген экен"

Эми гана 13 жашка чыккан небересин төрт жыл бою өгөй атасы кордоп, ар кандай ыплас аракеттерди көрүп, зордуктап да жүргөнүн кыздын таене-таятасы айтып берди.

Найчагүл Алымбаева

"Кызым эки кызы, бир уулу менен экинчи турмушка биз жашаган айылга эле кошуна балага чыккан. Биз кудалар менен бир көчөдө турабыз. Бул турмушунан кызымдын 3,5 жашар кызы бар. Биринчи турмушундагы кыздары өзүндө, уулу бизде эле. Көрсө, кыз-күйөө чогуу жашап баштагандан тартып эле неберемди кордоп жүрүптүр. Милиция экспертиза жасаткан. Анда кыздын жан жери үч жеринен айрылып кеткени белгиленген. Үйдө эч ким жоктугунан пайдаланып турган дайыма", - деди таенеси Найчагүл Алымбаева.

Өспүрүм кыздын жакындары ал төрт жыл бою зомбулукка кабылып келгенин былтыр күзүндө гана билгенин айтышты.

Кордолгон кыздын таятасы Бекболсун Алымбаев бул маселени Талас облус башчысынын жергиликтүү тургундар менен жолугушуусунда ачык айтып чыккандан кийин окуя коомчулукка белгилүү болду.

Бекболсун Алымбаев

"Айланайындар, мындайды айбан да кылбайт. Мен кечирим сурайм коомчулуктан. Бирок жаныма батып кеткени үчүн айтып жатам. Менин жээн неберемди өгөй атасы төрт жыл кордоптур. Ошол кылганы үчүн 20 жылга кесилип кетти. Эми ошого нааразы болуп калган анын бир туугандары жаныбызды койбой атат. Сот өкүмү чыккан күндөн тартып кызымды тынч коюшкан жок. Өкүмдү угуп, сыртка чыгарыбыз менен күйөө баланын бир тууганы кызымды чачтан сүйрөп, кол салган. Бирок кийин милицияга "ал менин мурдумду сындырды" деп жазыптыр. Азыр териштирүү жүрүп жатат. Зордукчул адамды коргоп дагы да бизди шылдыңдаганыбы? Бул жагдайды өз көзөмөлүңүзгө алып бериңиз, президенттин өкүлү".

Жабыркаган кыздын энеси Асия (аты өзгөртүлдү) Англияда сезондук иштерге кеткен, азыр ошол жакта. Ал "Азаттыкка" окуянын чоо-жайын айтып берди. Көрсө кызы өгөй атасынын ыплас мамилесине кабылып келатканын былтыр күзүндө күйөөсү ага кол көтөргөн учурда энесине болушуп жатып айткан экен:

Дагы караңыз

"Кызымды кордогондор, аларды бошоткондор жоопко тартылсын". Майыптыгы бар кыздын энеси бийликке кайрылды

"Мамама тийбеңиз, мен сиздин кылганыңызды айтчу болсом, соттолуп кетесиз деп чыңырып жиберет. Мен да шок болуп калып калам, күйөөм болсо машинесине отуруп алып дароо качып кеткен. Отуруп алып кызыман баарын сурадым. Мен боюмда бар кезде, 2022-жылы ал болгону 2-класста эле, ошол маалда бөлмөсүнө алып кирип, башымды карматып жатам дечү. Бирок мен мындай кылат деп ойлогон эмесмин. Болгону улуу кызымды жолотчу эмес элем. Көрсө ошол убакта кармалап, кумарын кандырып, ыплас аракеттерин кылчу экен. Кызымды коркутуп, эч кимге айтпа, айтсаң мамаңды, өзүңөрдү өлтүрөм дечү экен".

Асия биринчи турмушунан эки кыз, бир уулу менен ажырашып, беш жыл мурун экинчи ирет күйөөгө чыккан. Эне экинчи кызы өгөй атасынын сексуалдык ыдык мамилесине 8 жашынан бери кабылып келгени аныкталганын айтууда:

"Мен боюмда бар эле, бир эле күнгө ооруканага жатууга аргасыз болуп, кызым өгөй атасы жана кичинекей бир тууганы менен калган. Үйдө эч ким жоктугунан пайдаланып күйөөм кызымды зордуктаган. Ошондон баштап кызымды дайыма кармалап, ишин кылып жүргөн. Бул бир эле жолу болгон эмес. Улуу кызым болсо Орусияда иштеп жүргөн, ал ушул жылы 15-январда үйгө келип калган. Ошондуктан кызыма тие албай калыптыр. Кыз коркконунан айтпай жүргөн. Аргасыз балдарымды бир тууганымдын кароосуна калтырып, өзүм үй алайын деп Англияда иштеп жүрөм".

Дагы караңыз

Айсулуунун өлүмү: Шектүүнүн ишин караган экс-судьялар камалды

"Далилдер сотто тастыкталган"

Жабыркаган үй-бүлөнүн кайрылуусуна ошол жыйында Бакай-Ата райондук милициясынын башчысы Тайырбек Марипбай уулу жооп берген. Анын айтымында, зөөкүрдү коңшу Казакстанга качып бараткан жеринен кармап келип, иш козгошкон:

Тайырбек Марипбай уулу

"Иш козгоп, тергөө жүргүзүп, соттун кароосуна жөнөткөнбүз. Келтирилген далилдердин негизинде кыздын өгөй атасы 20 жылга эркинен ажыратылган. Ошол сот бүтүп, жыйынтыгы чыккан күнү арызданган тарап менен соттолуп кеткен жарандын жакындары ортосунда чыр чыгып, тараптар уруша кеткен. Бул боюнча эки тараптын тең арызы катталып, экспертизалар чыгууда. Мыйзамдуу чечимдер кабыл алынат".

Кордолгон кыздын апасы райондук милицияга арыз менен 2025-жылдын сентябрь айында кайрылган.

"Бул факт Бакай-Ата райондук милициясынын маалымат журналында катталып, тергөөгө чейинки териштирүү иштери жүргөн. 14-сентябрь күнү Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренесинин, 4-бөлүгү (Зордуктоо) жана 158-беренесинин (Ыплас аракеттер) негизинде 1976-туулган жаранга каршы кылмыш иши козголуп, ал Талас шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген", - деп жазылган ички иштер башкармалыгы берген маалыматта.

Кылмыш иши өткөн жылдын 31-октябрында Бакай-Ата райондук сотуна өтүп, быйыл жыл башында сот ал жаранды эки берене менен тең күнөөлүү деп таап, 20 жылга жаза мөөнөтүн күчөтүлгөн тартиптеги абакта өтөсүн деген өкүм чыгарган. Айыпталуучунун облустук сотко кайрылган апелляциялык арызы канааттандырылган эмес.

Соттук отурумдар ызы-чуу менен коштолуп өткөн. Өкүм жарыялангандан кийин эки тараптан тең милицияга арыз түшкөн. Зөөкүрдүгү сотто далилденген жарандын жакындары кыздын апасын айыпташкан.

"Алар кызымдын үстүнөн жалган жалаа жаап, "мурдумду сындырды" деп жатышат. Бул үчүн Бишкектеги №4 ооруканага келип, дарыгердин жасалма корутундусун жаздырып алган. Анын мурду сынган эмес. Булардын башкы максаты - бизден өч алуу болуп турат. Себеби биз алардын бир тууганын каматтык. Ошондуктан мен бийлик башындагыларга кайрылат элем. Ушул маселеге акыйкат карап, туура чечим чыгарып бергиле. Эртеңки күнү кызым жалган жалаа менен камалып кетсе анын төрт баласынын убал-сообу кимге? Аларды ким багып, ким курсагын тойгузат? Урматтуу президент, маселени өз көзөмөлүңүзгө алыңыз", - деди Бекболсун Алымбаев.

Алымбаевдин жасалма медициналык корутунду тууралуу айтканына азырынча тийиштүү мекемелер комментарий бере элек.

Дагы караңыз

"Үйгө чейин келип зордукташыптыр". 1-класстын окуучусун сыздаткан окуя

"Азаттыктын" бул окуядагы экинчи тарап менен байланышуу аракетинен майнап чыккан жок.

Кыздын таене-таятасын акыйкатчы да кабыл алды.

"Аргасы кеткенден ачык айтып, коомго кайрылып жатышат"

Өспүрүм кыз учурда Бишкекте жакындарынын колунда жашап, билим алып жатат. Ага адистер психологиялык жардам көрсөтүүдө.

“Балдар укугун коргоо лигасы” уюму адатта мындай окуялар коомчулукка ачык чыкпай, айтылбай кала берерин билдирди. Лигага соңку айларда эле сексуалдык зомбулукка кабылган 15 өспүрүмдүн жакыны жардам сурап кайрылган.

Таласта кордолгон кыздын апасына укуктук жардам көрсөтүү үчүн аталган уюм адвокат жалдап бергенин жетекчиси Назгүл Турдубекова билдирди:

Назгүл Турдубекова

"Коомчулук айтып, социалдык тармактарда жазылган маалыматтарга караганда, жыныстык зомбулукка кабылган балдардын жана аялдардын саны көбөйүп жатат. Эл бул тууралуу жашырбай, ачык айта баштады. Эгер мурда уялып, жашырып келишсе, азыр андай эмес. Көпчүлүк учурда иштери жакшы тергелбей, сот туура эмес чечим чыгарып, адилеттик болбогону үчүн аргасыздыктан улам коомго кайрылып жатышат. Менин пикиримде, алы жетпей, ишеничи жок болгондуктан эл ушундай кадамга барууда. Бул абдан өкүнүчтүү, себеби балдар жабыркап жатпайбы".

Дагы караңыз

"Тагдырын талкалады". Майып кызды зордуктоого шектүү 11 жылга кесилди

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, өлкөдө балдарга карата кылмыш саны өсүүдө.

2025-жылы Кыргызстанда 369 сексуалдык зомбулук фактысы катталды. Анын ичинде басымдуу бөлүгү зордуктоо. 137 зордуктоо фактысы, 16 жашка толо электерге карата сексуалдык мүнөздөгү 115 аракет, 43 зомбулук, сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоого байланыштуу 20 факт жана башка кылмыштар катталган. Сексуалдык зомбулуктан 288 бала, 77 аял жабыркаган.