Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев электр чыгырыктарын (самокат) колдонуу тартипке келтирилбесе борбордо аларга тыюу салынарын билдирди.
Бул тууралуу калаа башчысы 22-майда журналисттерге айтып, ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери да электр чыгырык тепкендерге аны колдонуунун эрежелерин эскертпей жатканын кошумчалады.
“Маселе электр чыгырыктарында эмес, аны колдонууда болуп жатат. Эгерде бир чечимге келип, тартипке салбасак биз шаардыктардын ден соолугу үчүн самокаттарга тыюу салууга мажбур болобуз”, - деди мэр.
Бишкек шаарынын Кайгуул-күзөт кызматынын 2025-жылдын июль айындагы маалыматына караганда, Бишкекте алты айда чыгырыктын айынан 179 кырсык катталган. Андан 192 адам жаракат алган.
Соңку жылдары Кыргызстанда, айрыкча Бишкекте электр чыгырыктарды көчө боюна коюп, каалоочуларга ижарага берген чакан компаниялар көбөйдү. Алар кардар менен түздөн-түз байланышпайт, ижара акысын кардардын чөнтөк телефонундагы атайын мобилдик тиркеме аркылуу алып турат.
Коомчулукта электр чыгырыктарын колдонуу Бишкекте жол тыгыны маселесин чечүүгө жардам берип жатканын айткандар да бар. (BTo)