Мугалимдерди мектептин оңдоп-түзөө иштерине тартууга тыюу салынды

Агартуу министрлиги.

Агартуу министрлиги мугалимдерди мектептин оңдоп-түзөө иштерине, өзгөчө жайкы эс алуу мезгилинде, тартууга тыюу салынганын эскертти.

Министрлик 2025–2026-окуу жылында республикалык бюджеттен мектептерди утурумдук оңдоо иштерине 404 млн сом каралганын, мугалимдердин негизги милдети окуучуларга сапаттуу билим берүү жана окуу-тарбия процессин уюштуруу экенин билдирди.

Агартуу министрлиги ошондой эле жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө мугалимдерди көчө тазалоо, айлана-чөйрөнү иретке келтирүү, короо шыпыруу жана башка чарбалык иштерге тартууга жол берилбей турганын кошумчалап, мындай аракеттер мыйзамга каршы келерин кабарлады.

Кыргызстанда адатта жайкы эс алууга кетер алдында мугалимдер мектепти оңдоп-түзүү иштерине тартылат. (BTo)

Дагы караңыз

"Лукойл" ишканасынын ири заводунда өндүрүш эки эсе азайдыТрамп Польшага 5 миң америкалык аскер кызматкери жөнөтүлөрүн айттыУКМК Ош шаардык төрөт үйүнүн башчысы кармалганын билдирдиОрусияда бир нече дин кызматкери кармалганы кабарландыБишкектин мэри электр чыгырыктары тартипке келтирилбесе тыюу салынарын айттыТөрт айда экзаменден өткөндөргө жарым жылга убактылуу айдоочулук күбөлүк берилетКантта жол кырсыгынан бир адам каза болуп, үч киши жаракат алдыӨкмөт күйүүчү майдын баасын кармап туруу үчүн субсидия маселесин карап жатат