Ички иштер министрлиги (ИИМ) мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн "Акыркы коңгуроо" салтанатына карата коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун сактоого багытталган көзөмөлүн күчөтөт.
Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, бүтүрүү аземине карата ата-энелерден жана бүтүрүүчүлөрдөн акча чогултууга тыюу салынат. Мектептен тышкары кошумча иш-чараларды уюштурууга, фейерверк, жарылуучу же кооптуу техникалык каражаттарды колдонууга тыюу салынат.
Балдардын унаа башкаруусуна уруксат берилбейт.
Акыркы коңгуроо күнү, ага чейин жана андан кийинки күндөрү дагы жаратылышы кооз аймактар, кафе-ресторандар, түнкү клубдар, көлдөр, суу жээктери, автоунаа жолдору милициянын көзөмөлүнө алынат.
ИИМ мектеп жетекчилерин, ата-энелерди жана бүтүрүүчүлөрдү мыйзам талаптарын так сактоого жана балдардын коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурууга чакырды.
Расмий маалыматка караганда, быйылкы окуу жылында 11-классты 80 миңден ашуун окуучу аяктоодо. Ал эми 9-классты аяктап жаткандар 136 миңдин тегерегинде.
Бардык мектептерде “Акыркы коңгуроо” салтанаты 29-майда өтөт. (ZKo)