"Эл үмүтү" программасынын стипендиясын алып, чет өлкөлөрдө окуган кыргызстандык жарандар мындан ары окуусун бүткөн соң мамлекетке беш жыл иштеп берүүгө милдеттүү болушат. Эгер келишимди бузса окуусу үчүн сарпталган каражатты төлөп бериши керек.
Мындай өзгөртүүлөр "Эл үмүтү" стипендиясын алуунун жол-жоболоруна президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен киргизилди.
Ага ылайык, окуусун аяктаган студенттер Кыргызстанга кайтып келип, кеминде беш жыл мамлекеттик органдарда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, мамлекеттик мекемелерде жана компанияларда иштеши керек.
Жарлык менен ошондой эле Илим, инновация жана жогорку билим берүү министрлиги программанын катышуучуларына окууга даярдыктан тартып академиялык жыйынтыктарына жана окуусун аяктап, жумушка орношконуна чейин өзүнчө мониторинг жүргүзөт.
Стипендиаттар менен келишим түзүү жана кызматташуу эрежелерин иштеп чыгуу Министрлер кабинетине жүктөлдү.
Бул стипендия дүйнөнүн алдыңкы 100 университетине өткөн 50 магистрант, докторантка берилет. Акчанын көлөмү тандалып алынган университетке жараша аныкталары жана жыл сайын 50 миң доллардан ашпоого тийиш экени айтылды.
“Эл үмүтү” аттуу эл аралык стипендиялардын жаңы программасын ачуу тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров 2022-жылы 10-майда кол койгон.
Бул программа менен чет өлкөлөрдө окуган айрым стипендиаттар Кыргызстанга кайтып келбей, чет мамлекеттерде иштеп калганы коомчулукта нааразы пикирлерди жараткан.
Кыргызстандык студенттердин чет өлкөлөрдө окуусун колдоо боюнча мурда "XXI кылымдын кадрлары" деген улуттук программа иштеген. Ага ылайык, окуу акысын мамлекет төлөп берген студенттер чет өлкөдө университетти бүтүргөндөн кийин Кыргызстанга кайтып келип, мамлекеттик мекемелерде иштеши керек болчу. Кийинчерээк программаны каржылоо жана уюштуруу иштери аксап, өз максатына жетпей калган.(ZKo)