24-майдын аба ырайы: Айрым аймактарда жаан катуу жаайт

23-майдан 25-майга чейин өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда күтүлүп жаткан нөшөргө байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт.

24-майда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катту жаайт.

Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7…12, күндүз 21…26

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 6…11, күндүз 16…21

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 11…16, күндүз 19…24

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 5…10, күндуз 13…18

Нарын облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 13…18

Бишкек шаарында ала булут каптап турат, жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 9…11°, күндүз 22…24° болот.

Дагы караңыз

"Эл үмүтү" программасынын катышуучулары мамлекетке беш жыл иштөөгө милдеттендирилетЖапаров менен Рахмон кызматташтыкты жана алдыдагы иш-чараларды талкуулаштыИнфляциянын өсүшү, капчыкты каккан кымбатчылык"Бутту кеспей сактап калдык". Кант диабетинин азабынан куткарган адисМигранттарга орусиялыктар менен никелешүү депортациядан куткарбасы эскертилдиРубио Иран боюнча сүйлөшүүлөрдө "бир аз прогресс" байкалганын билдирди