Кыргыз шахмат союзунун жаңы президенти болуп Кыргызстандын мурдагы башкы прокурору, саясий жана коомдук ишмер Аида Салянова шайланды. Бул тууралуу 23-майда бирикменин жалпы жыйынында белгилүү болду.
Союзду соңку төрт жыл жетектеп келген белгилүү ишкер Бабур Төлбаев жаңы жетекчини куттуктап, ийгилик каалады жана алдыда көп иштер турганын айтты.
Салянова жалпы жыйындын мүчөлөрү алдындагы кайрылуусунун текстин Фейсбукка жарыялады. Анда ал Кыргыз шахмат союзунун президенти болуп шайланышы эң оболу бүтүндөй шахмат коомчулугу жана өлкө алдында өтө чоң жоопкерчилик экенин белгилеген.
"Бүгүн бизден азыркы системаны сактап калуу эмес, жаңычыл ой жүгүртүү жана жаңыча аракет талап кылынат. Шахмат өлкөнүн заманбап билим берүү, санариптик жана интеллектуалдык чөйрөсүнүн ажырагыс бөлүгүнө айланышы керек. Биз балдарды даярдоодо, машыктыруучулардын квалификациясын жогорулатууда, процесстерди санариптештирүүдө жана коомдо шахмат маданиятын жайылтууда жаңы ыкмаларды түзүүгө милдеттүүбүз", - деди Салянова.
Ошону менен катар ал бүгүн шахматты өнүктүрүүгө өлкөнүн эң жогорку мамлекеттик деңгээлинде көңүл бурулуп баштаганын белгилеп, бул өзгөчө жоопкерчиликти жүктөй турганын кошумчалады.
Башкы прокурор, Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты, юстиция министри болгон Аида Салянованын кичүү кызы шахмат боюнча өлкө ичинде да, чет жакта да көп ийгиликтерге жетишип, Кыргызстандын атынан бир топ эл аралык таймаштарга катышып, алдыңкы орундарды ээлеп келет. (RK)