Жол тескөөчүнү машинеси менен сүйрөп кеткен айдоочу кармалды

Окуя тартылган видеодон алынган кадр.

Бишкек шаарынын милициянын кайгул кызмат башкармалыгы жол тескөөчүнү машинеси менен сүйрөп кеткен айдоочу кармалганын билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, 23-майда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгына Юнусалиев көчөсүндө Hyundai Accent жана Hyundai Avante үлгүсүндөгү автоунаалардын катышуусунда майда жол кырсыгы болгону тууралуу маалымат түшкөн.

Тиешелүү материалдарды толтуруу учурунда Hyundai Accent үлгүсүндөгү машиненин айдоочусу милициянын кайгул кызматынын кызматкерине укук бузуу жөнүндө протокол түзүү үчүн документтерин берүүдөн баш тарткан. Андан соң окуя болгон жерден качууга аракет кылып, кызматкер машиненин алдында турган учурда автоунаасын айдап кеткен. Жол тескөөчү унаанын капотунда бир нече аралыкка чейин сүйрөлгөн.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Ээнбаштык” беренеси менен кылмыш иши козголуп, айдоочу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. (BTo)

Дагы караңыз

Азия чемпионаты (U-23): Кыргызстандык алты балбан медал алдыАида Салянова Кыргыз шахмат союзунун президенти болуп шайландыАКШда Улуттук чалгын мекемесинин башчысы кызматтан кетүүгө арыз бердиОккупациядагы Луганскиде коллежге урулган соккудан каза болгондор онго жеттиКытайда көмүр шахтасындагы жарылуудан 90 адам мерт кетти