Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Кытайдын төрагасы Си Цзинпинге Шаньси провинциясында шахтада болгон кырсыктан адамдар каза болгонуна байланыштуу көңүл айтты.
Мамлекет башчынын көңүл айтуу телеграммасында:
“Кытайдын Шаньси провинциясындагы көмүр шахтасында газдын жарылышынын кесепетинен адамдар каза болду деген кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына аза кайгысын тең бөлүшүп көңүл айтам жана жабыр тарткандардын тез арада сакайып кетишин каалайм”, - деп жазылган.
22-майдын кечинде Кытайдын Шаньси провинциясындагы көмүр шахтада жарылуу болуп, 90 адам мерт кеткени кабарланган.
Мамлекеттик телеканалдар шахтадагы зыяндуу газдын деңгээли "тиешелүү нормадан ашып түшкөнүн" маалымдашкан.(ZKo)