Украинанын таамай тийген дрондору, согуштун жаңы тактикасы

Украинанын жана Орусиянын президенттери Владимир Зеленский менен Владимир Путин, согуш техникасы тартылган иллюстрациялык коллаж.

мазмуну

  • Украинадагы согушта артиллериялык салгылаштар, аскерлердин атышуулары, танк операциялары өткөн доорго айланып, негизги ролду асмандагы чакан дрондор ойноп жатат
  • Дрондор кантип согуштун негизги күчүнө айланды? Эмне үчүн фронт “өлүм зонасы” деп атала баштады?
  • Эми аскерлердин ордун роботтор басышы мүмкүнбү? Мындай шартта Борбор Азия мамлекеттери кандай чараларга барып жатышат?
Согуштун алгачкы күндөрү башкалаа Киевге жакындап келген орус танктарын токтотууга жана "Гостомель" аэропортун басып алуу аракетин үзгүлтүккө учуратууга "Аэрочалгындоо" бөлүгү жардам берген. Ал ыктыярчылардан, IT адистеринен жана технологияга кызыккан энтузиасттардан түзүлгөн.

Согуштун жаңы тактикасы

Орусия Украинага каршы кеңири масштабдуу согуш ачканына төрт жылдан ашты. Бул убакыт ичинде согушту жүргүзүү тактикасы кыйла өзгөрдү. Тактап айтканда, артиллериялык салгылаштар, аскерлердин атышуулары, танк операциялары өткөн доорго айланып, негизги ролду асмандагы чакан дрондор ойноп жатат.

Алар танкты да жок кылат, жоокерлердин артынан түшүп аңдыйт, керек болсо жүздөгөн чакырым алыстыктагы мунай заводуна чейин жетип барып сокку урат. Бул технологиялар күндөн күнгө өнүгүп баратат.

Активдүү согуш тилкеси мурда 10-15 чакырымга созулса, азыр ал ондогон, жүздөгөн чакырымды камтыган кеңири аймакка жайылды. Ал жакта кыбыр эткен жан дрондун бутасына алынышы мүмкүн.

«Учурда фронттогу бардык соккулардын болжол менен 70% дрондор менен урулуп жатат. Бул FPV-дрондорду, учак сыяктуу чалгындоо дрондорун, байкоо системаларын жана жер үстүндөгү учкучсуз аппараттарды камтыйт. Учурда учкучсуз системалар негизинен логистикалык тапшырмалар үчүн колдонулат Бул жоокерлерди коргоо жана адамдардын өмүрүн сактап калуу», -дейт Black Raven батальонунун сержанты Денис.

Донецк аймагы. Украин аскерлеринин дрону орусиялыктар бараткан унааны бутага алган учур.

The Telegraph басылмасынын жазышынча, арзан баадагы сериялык дрондор согуштун алгачкы жана эң маанилүү салгылаштарынын айрымдарында чечүүчү роль ойногон.

Айрыкча 2022-жылы Киевди көздөй багыт алган, узундугу 40 чакырымга жеткен орус танктары менен аскерлеринин кербенин токтотууда дал ушундай учкучсуз аппараттар колдонулган.

Ал операция орус президенти Владимир Путиндин украин башкалаасын үч күндө алуу планын үзгүлтүккө учураткан.

Андан бери FPV-дрондор кыйла өркүндөтүлдү. Азыр алар кубаттуу ок-дарыларды таштоо же бутага алынган объектке таамай тийип жок кылуу үчүн колдонулат.

FPV-дрондор — оператордун “көзү” менен башкарылган учкучсуз аппараттар. FPV (First Person View) түшүнүгү “биринчи адамдын көз карашы” дегенди билдирет. Оператор атайын көз айнек же монитор аркылуу дрондон түз чыгып жаткан видеону көрүп, аны ичинен башкарып жаткандай сезет. Башында мындай дрондор спорттук жарыштар жана видео тартуу үчүн колдонулса, Украинадагы согушта алар кыска убакыт ичинде эң натыйжалуу куралдардын бирине айланды. Акыркы жылдары мындай аппараттар дагы да өркүндөтүлүп, айрымдары жасалма интеллект негизиндеги багыттоо системалары, тепловизорлор жана радио тоскоолдуктардан коргой турган оптикалык кабелдер менен жабдылып жатат.

Башкалаа Киевге жакындап келген орус танктарын токтотууга жана «Гостомель» аэропортун басып алуу аракетин үзгүлтүккө учуратууга "Аэрочалгындоо" бөлүгү жардам берген. Ал ыктыярчылардан, IT адистеринен жана технологияга кызыккан энтузиасттардан түзүлгөн. Алар тепловизор орнотулган дрондор аркылуу салмагы болжол менен 1,5 килограмм болгон бомбаларды колоннага ташташкан.

Орто аралыктагы соккулар

Быйыл 17-майда Москванын тургундары согуш башталгандан берки эң ири украин дрон чабуулдарынын бирине күбө болушту. Соккулар орус башкалаасындагы жана анын айланасындагы бир катар маанилүү объектилерге тийип залака келтирди. Алардын арасында катуу корголгон Москвадагы мунайды кайра иштетүүчү заводу дагы болгон. Адистердин айтымында, Украинанын дрон чабуулдарынын ийгиликтүү болуп жатышынын негизги себептеринин бири - орто аралыктагы соккуларга көбүрөөк көңүл бурула баштаганы.

“Орто аралык” деп фронт сызыгынан 20 чакырымдан 200 чакырымга чейинки аймак аталат. Дал ушул зона Орусиянын аскердик логистикасы үчүн эң маанилүү аймактардын бири болуп эсептелет.

Орусиялык аскердик унаага жакындап калган согуштук дрондон тартылып алынган кадр.

«Орто аралыктагы сокку уруу кампаниясы согуш талаасына өз таасирин тийгизип жатканы талашсыз. Бул Орусияны логистикалык чечимдерин кайра карап чыгууга мажбур кылууда. Ошондой эле аларды ар кандай аскердик объектилерин жакшыраак жашырууга түртүп жатат. Балким, каршы чараларын да кайра ойлонуп чыгышы керек болуп жатат»,- дейт Black Bird Conflict Analysis Group уюмунун аналитиги Эмил Кастехельми.

Аналитиктердин айтымында, орто жана алыс аралыктагы чабуулдар азыртан эле Орусиянын аскердик логистикасына кедергисин тийгизип, аскерлерди камсыздоону татаалдаштырып жатат. Андан тышкары талдоочулар дрон соккуларынын күчөшү Орусиянын экономикасына жана аскердик инфраструктурасына кошумча басым жаратып, согуш аракеттерин акырындык менен Орусиянын өз аймагына өткөрүп жатканын айтышат.

Ошону менен катар, украиналык дрон операторлору белгилегендей, 2026-жылы тосуп алуучу учкучсуз аппараттрдын көбөйүшү операцияларга тоскоолдук жаратып, дрондорду натыйжалуу колдонуу мүмкүнчүлүгүн чектеп жатат.

«Дрондор өздөрү абдан жакшы иштеп жатат. Бир гана көйгөй аларды дайыма өзүң каалагандай колдонууга мүмкүн болбой калат. Анткени аларда тосуп атуучу дрондор абдан көп. 2026-жылдан тартып мындай тосуп атуучу аппараттарды колдонуу кыйла көбөйдү жана алар дээрлик ар бир учууга тоскоол болуп жатат», - дейт украин армиясындагы дрон операторлорунун бири.

Ал эми Black Raven батальонунун «Смоук» деген лакап ат менен таанымал командиринин айтымында, учурда оор брондолгон техника согуш аймагына дээрлик кирбей калды.

«Душман болсо негизинен жөө аскерлердин чабуулдарына таянып жатат. Биздин позициялардын ортосундагы бош мейкиндикке чакан топтор менен кирүүгө аракет кылышат. Мындай чабуулдарды токтотуу үчүн биз FPV-дрондорду, бомбалоочу дрондорду жана душманды аныктоо үчүн чалгындоочу дрондорду колдонобуз», - дейт ал.

Украинанын далай өлкөнү кызыктырган "дрон дипломатиясы"

Жакынкы Чыгыштагы согушта да алдыңкы аскердик технология, согуштук техника башкы ролду аткарууда. Иран бул согушта Орусия Украинага каршы колдонуп жаткан "Шахед" дрондорун Перс булуңундагы коңшуларына жаадырса, алар АКШдан алынган кымбат баалуу абадан коргонуу системаларын колдонуп коргонууда.

Учурдан пайдаланып, Украинанын президенти Владимир Зеленский анын өлкөсү азыр баасы арзан, бирок алыскы аралыктагы объекттерди бутага алган жаңы дрондорду өндүрүп жатканын айтып, март-апрель айларында Сауд Арабия, Бириккен Араб Эмирликтери, Бахрейнге барып, анын алдына кызыл килем төшөлүп, Украинада жасалган жаңы дрондорду сатуу, айрым учурда биргелешип өндүрүү тууралуу келишимдерге кол койду.

Зеленский андан тышкары украиналык 200дөй аскердик адистен куралган топ март айында Перс булуңундагы өлкөлөрдү кыдырып, Ирандын дрон чабуулдарынан коргонууда жасалма акыл, микроэлектроника, согушту башкаруунун жаңы технологиялык ыкмаларына үйрөтүп машыктырганын билдирди.

Украин дрондору соңку кездери Орусиянын ичкери аймагында мунай ишканаларын бута көп ала баштады. Коллаж сүрөт.

Ошентип, Орусия өз тарабынан Иранды колдоп колунан келген жардамын берсе, Украина Ирандын чабуулдарынан коргонууга аргасыз, согуштук технологияда тажрыйбасы аз араб өлкөлөрүнө тактикалык колдоо көргөзүүдө.

Өткөн аптада украин өкмөтү Германия менен бирге 1600 чакырымдай аралыкка жете турган дрондорду өндүрүү долбоорун бекитти. Дрон боюнча жаңы келишимдерге украин бийлиги Норвегия, Голландия менен да кол койду. Зеленскийдин айтымында, жалпысынан жаңычыл дрондорду өндүрүү, сатып алууга кызыгып бардыгы 11 мамлекет Киев менен байланышты.

Украина, байкоочулар айткандай, кол сунуп жардам сураган өлкөдөн эми дрон дипломатиясынын башында турган мамлекетке айланууда.

АКШ, Израил, албетте, дрон, учкучсуз аппараттарды аскердик чалгындоо, Ирандагы тийиштүү объекттерди бутага алууда активдүү пайдаланууда. Бирок техникадан да ката кетип, февраль айында Пентагон Ирандагы кыздар окуган мектепти жаңылыш бутага алган учур да болду.

Иран, Орусия, маселен, чабуулдар күчөгөн учурда интернетти толугу менен өчүрүп, мобилдик байланышты токтотуп салып атышат. Украин армиясы ага карабай Starlink аркылуу спутниктен тараган интернетти пайдаланды деп да жазышты байкоочулар.

Дрондор биринчи жолу орус аскерлерин туткунга алышты

Украин аскерлери бул операцияны былтыр жайында эле өткөрүшкөн. Бирок анын чоо-жайы тууралуу эми гана маалым болду. Орустар кармап турган жерди кайтарып алуу украин армиясына зарыл эле. Себеп дегенде дал ошол жак аркылуу фронттогу аскерлерге керектүү буюм-тайымдарды жеткирип, жарандарды эвакуациялоо иштери жүргүзүлмөк. Аскерлердин эки жолку аракети майнапсыз аяктаган.

"Эки жолу барып бекем коргонуудан өтө алган жокпуз. Адам ресурстары менен ийгиликке жетише албашыбыз түшүнүктүү болгон соң жанкечти дрондорду колдонуу чечими кабыл алынды. Биринчи дрон барып, алардын уясын бузганда, алар ыкчам чогула калып, ак кагаз таап, “багынууну каалап турабыз” деп жазып көтөрүп жиберишти. Экинчи дрон жакындаганда алар чуркап чыгып, кагазын дагы көрсөтүштү. Биздин робот аларды бир да ок чыгарбастан туткунга алды. Андан кийин гана аскерлер кирди. Алар да эч кандай ок чыгарбастан, аймакты өз карамагына алды", - дейт украин армиясынын машыктыруучусу.

Запорожьенин Орусия ээлеп алган аймагы. Орусиялык мунай ташуучу унаа жол боюнда өрттөнгөн.

Украин президентинин жана аскерлердин ишендиришинче, биринчи жолу тарыхта аскерлер катышпастан, бир гана робот туткунга алды. Соңку жарым жылда эле робот технологиялары кыйла өнүктү. Андан тышкары эксперттер бул жерде жөнөкөй арифметика жатканын айтып, мисал келтиришет. Курман болгон бир аскер үчүн украин бийлиги 350 миң доллардай төлөйт. Ал эми ал аскерди аман алып калып, ордуна ушул эле акчага фронтко 35 роботту жиберсе болот.

"Логистика иштери менен алектенген бөлүктөр жоготууга көп учурашат. Маселен, бир машинага сокку урулса, анын ичинде 2-3 киши болушу мүмкүн. Алар жеринде курман болуп, же жарадар кайтышы толук ыктымал", - дейт аскердик талдоочу Павел Нарожний.

Азырынча робот толугу менен жоокерлердин ордун баса алышпайт. Ошентсе да анын адамга караганда артыкчылыктары көп. Украин аскерлеринин айтымында, орус армиясы деле роботторду кеңири колдонуп жатат. Бирок алардыкы анчейин ийгиликтүү эмес болууда.

Украин аскерлери эми аскердик технологияга жасалма интеллектти кошууну көздөп жатышат. Маалыматка караганда, өзүлөрү тапшырма берилген жакка жөнөп, бутага ала турган объектти таап, салгылашып, кайра артка кайта алган аппараттар сыноодон өтүп жатат.