ИИМ Ошто өлүм менен аяктаган окуяда милициянын аракети канчалык болгонун текшерүүдө

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин имараты.

Ички иштер министрлиги 24-майда Ош шаарындагы акча алмаштыруучу жайда бир адамдын өлүмү менен аяктаган окуяда милиция кызматкерлеринин аракети иликтенип жатканын билдирди.

Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, министрликтин Ички иликтөө кызматы окуянын бардык жагдайларын, милиция кызматкерлери өз убагында чара көрдүбү же жокпу, эгер көрүлгөн болсо ал чара канчалык толук болгонун текшерет.

“Эгер мыйзам бузуу аныкталса, күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык катуу жоопкерчиликке тартылат”, - деп жазылган маалыматта.

Окуя 24-майда Ош шаарындагы Амур-Темир көчөсүндөгү акча алмаштыруучу жайда болгон. Шаардык милициянын маалыматына караганда, жайдын ээсине бычак менен кол салуу болгон. Бычак жеген 34 жаштагы жаран ооруканада өзүнө келбей каза болгон.

Милиция кылмышка шектүү жаран Өзгөн районунун 38 жаштагы тургуну экенин аныктады. Аны тинтүү маалында жанынан 37,5 миң сом акча, эки уюлдук телефон жана спирт ичимдигинин бөтөлкөсү табылган. Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси ("Адам өлтүрүү") менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө.

Каза болгон М.Х. аттуу жаран Кара-Суу районунун Нариман айыл аймагынын тургуну болгон. Артында үч баласы калды.

Дагы караңыз

Трамп Сауд Арабиясын, Катарды Авраам келишимине кошулууга чакырдыИран Тегеран менен Вашингтон ортосундагы сүйлөшүүлөрдө жылыш бар экенин билдирдиДССУнун жетекчиси эбола эпидемиясы өтө тез жайылып жатканын айттыТрамп Иран менен түзүлө турган келишим "мыкты жана маңыздуу” болушу керек экенин айтты