Израил армиясы Газанын борбордук аянтына сокку урду, бутага ХАМАС (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) тобунун аскер бөлүгунүн жаңы колбашчысы Мухаммед Одех алынган. Чабуул тууралуу Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху X соцтармагына жазды. Чабуулдан кийин Одехтин тагдыры эмне болгону тууралуу маалымат жок.
Нетаньяхунун сөзүнө караганда, Одех ХАМАСтын аскер бөлүгүнүн башчылыгына бир жума мурда дайындалган. Ал бул кызматка 15-майда өлтүрүлгөн Изз аль-Дин аль-Хаддаддын ордуна келди.
2023-жылы, 7-октябрда Израилге кол салуу болгондо Одех кыймылдын чалгын тарабын жетектеп турган.
ХАМАСтын өкүлдөрү азырынча Израилдин билдирүүсүн комментарийлей элек. 18-майда саудиялык Asharq Al-Awsat агенттиги өз булагына шилтеме кылып, Мухаммад Одех аль-Хаддаддын ордуна дайындалганын жазган.
26-майда Израил Ливандагы согуштук аракеттери кеңейтилгенин жарыялаган.
Израилдин бул соккусу жалпы дүйнөдөгү мусулмандардын ыйык Курман айт майрамына туш келди.
ХАМАСтын аскер бөлүгүнүн мурдагы башчысы Изз ад-Дин аль-Хаддад 15-майда ЦАХАЛдын Газага соккусунан өлгөн. Маркум тармакты 2025-жылдын май айынан бери башкарып келе жаткан.
Израил аль-Хаддадды 2023-жылдагы чабуулду уюштуруучулардын бири жана барымтага алынгандарды кайтаруучу системаны жетектеген деп эсептейт.
Израилдин Газадагы операциясы 2023-жылы 7-октябрда ХАМАСтын чабуулунан кийин башталган. Анда радикал топтун жихадчылары миңден ашык адамды өлтүрүп, 250 адамды барымтага алышкан.
Израил аскердик операциясы башталгандан бери ХАМАСтын бир нече лидерин, анын ичинде 7-октябрдагы чабуулдун демилгечиси жана уюштуруучусу саналган Яхья Синварды да өлтүргөнүн билдирген.