Орусияда Руслан Цаликовдун 5,5 млрд рублдик мүлкү конфискацияланды

Руслан Цаликов архив)

Москвадагы Никулино райондук соту коргоо министринин мурдагы орун басары Руслан Цаликовдун жана анын үй-бүлөсүнүн 5,5 млрд рублдик мүлкүн мамлекеттин эсебине конфискациялоо тууралуу чечим чыгарды. Бул тууралуу "Осторожно, новости" басылмасы жазды.

Мамлекетке алынган мүлктөрдүн ичинде Sugar Factory бизнес борборундагы соода жайлары, Домодедоводогу жер тилкеси, Москванын Хамовник жана Мещан райондорундагы объектилери бар.

Сот кылмыш иши боюнча анын уулдары - Даниэл жана Заур Цаликов, кыздары Елизавета Гогичаева жана Юлия Гогаева, алардын күйөөлөрү, ошондой эле алардын "Сандора", "Тектум" жана "Доминус Зед" деген компанияларын да жооптуу деп тапкан. Прокуратуранын маалыматына караганда, "Тектум" жана "Доминус Зед" компанияларын Цаликовдун балдары башкарган. Алар атасы коргоо министрлигинде иштеп турган кезде Москва жана Подмосковьеден кымбат үйлөрдү сатып алышкан.

Башкы прокуратура доо арызда көрсөтүлгөн мүлктүн баасы Цаликовдун үй-бүлөсүнүн расмий кирешесинен эселеп ашып түшөрүн, ал 2012-жылы министрдин орун басары болуп дайындалган соң, "байыш үчүн өзүнүн укуктарын пайдаланууну чечкенин" белгилөөдө.

Руслан Цаликов мурдагы коргоо министри Сергей Шойгуга жакын адамдардын бири болгон. Ал коргоо министринин орун басары болуп 2015-жылдан 2024-жылдын июнуна чейин, Шойгу кызматтан бошотулганча иштеген. Кызматынан кеткен соң ал Туванын Жогорку Хуралынын депутаты болгон, бирок Федерация Кеңешине мүчө болгон эмес.

Цаликов 2026-жылы мартта кармалган. Ага карата бир нече беренелер менен, анын ичинде кылмыштуу топ түзүү, бюджетти уурдоо, арам акчаларды адалдоо жана пара алуу менен кылмыш иши козголгон.

Цаликовдун мүлкүн конфискациялоо боюнча соттук кароо жабык өттү. Сот чечими мамлекеттик маалымат каражаттарында чагылдырылбаганын "Осторожно, новости" белгиледи.

Дагы караңыз

АКШнын чабуулу, Хаменеинин кайрылуусу. Тынчтык келишими качан түзүлөт? Бишкек, Ош, Манастагы айт намаздарына 55 миңден ашуун киши катышты Британия Кыргызстанда катталган эки ишканага жана банкка санкция салдыОрусия чет элдиктерди Киевден чыгып кетүүгө чакырды "Баа биз кармагандан ылдам өсүп жатат". Өкмөт инфляцияны ооздуктай алабы?