Чектеш өлкөлөрдө камсыздандыруу полисин таануу маселеси парламентте көтөрүлдү

Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев кыргызстандык айдоочулар Казакстан, Өзбекстанга киргенде автоунаасына алардын камсыздандыруу полисин сатып алууга мажбур болуп жатышканын айтты. Депутат бул тууралуу 28-майда парламентте "Милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" мыйзам долбоору каралып жатканда билдирди.

"Автоунаалардын камсыздандыруу полисин чектеш өлкөлөрдө өз ара таануу боюнча иштер жүрүп жатабы? Анткени биздин айдоочулар Казакстанга, Өзбекстанга же Орусияга барганда да алардын камсыздандыруу полисин сатып алууга аргасыз болуп жатышат. Жок дегенде КМШ өлкөлөрүнүн ичинде полисти өз ара таануу боюнча бир иштер жүргүзүлүшү керек го?" - деп суроо койду Жээнчороев.

Депутатка жооп кылып Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун төрагасынын орун басары Бактыгул Абдыжалиев бул мекеме да, Кыргызстандагы Камсыздандыруучу уюмдардын ассоциациясы да сүйлөшүү жүргүзүп жатканын билдирди.

"Казакстан айрым башка өлкөлөр менен чогуу "жашыл картага" кирген, ага киришибиз керек. Мунун үстүндө Тышкы иштер министрлиги иштеши керек. Биз өзүбүздүн деңгээлибизде сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп иштеп жатабыз. Орусия болсо өзүнчө "Көк карта" түзгөн, алар бизге "кошулгула" деп сунушташты, бирок ортодо Казакстан "жашыл картасы" менен турат. Эл аралык, геосаясий маселелер бар. Баалар да түрдүү. Орусияда орточо 100 доллар, бизде 1086 сом. Ушундай учурлар бар", - деди Абдыжалиев.

Депутат Жээнчороев аймактык, транзиттик мааниде бири-биринин камсыздандыруу полисин таануу боюнча иштерди жүргүзүп, маселени чечүү зарылдыгын айтты.

Кыргызстанда автоунаага жарандык жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруу (ОСАГО) 2025-жылдын 1-сентябрынан тартып толук күчүнө кирген.(ZKo)

Дагы караңыз

Чет элдик унааны легалдаштыруу жараяны улана турганы айтылдыКыргыз-өзбек чек арасында жаңы бекет ачылды"Орусияны карап отура бербейли деп жатабыз". Тигүү тармагынын түмөн түйшүгү"Үч күндөн бери кезекте турам". Онкологиядагы оор жагдай, бейтаптын зары "Кыздарды согушка дрон жасоого тартып жатат". Орусиянын кыргыз окуу жайларына жеткен жарнамасы Трамп Ирандын уранды Кытайга же Орусияга берүү демилгесине каршы экенин айтты