Кыргызстандагы аялдардын укуктары жана гендердик теңдиктин сакталышы талкууланды

"Аялдарды колдоо борбору" коомдук бирикмесинин иш-чараларынын бири. Архив.

Кыргызстандагы аялдардын укуктары жана коомдогу гендердик теңдик тууралуу талкуу өттү. Бул иш-чара 28-майда “Аялдарды колдоо борбору” коомдук бирикмесинин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата уюштурулду.

Уюштуруучулардын белгилешинче, бул күнү Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмунун Аялдарга карата дискриминациянын бардык формаларын жоюу жөнүндөгү конвенциясын кабыл алганына да 30 жылдыгы белгиленип, бул мөөнөт аралыгында аткарылган иштер жана анын сакталышы талкууланды.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, министрликтердин, жарандык коомдун жана эл аралык уюмдардын жетекчилери катышты.

“Аялдарды колдоо борбору” коомдук бирикмесин 1996-жылы белгилүү коомдук ишмер, физика-математика илимдеринин кандидаты Роза Айтматова негиздеген. Уюм 30 жыл ичинде өлкөдөгү кыз-келиндердин укуктарын коргоо, гендердик теңчиликти орнотуу жана үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүү багытында иш алып барды.

Кыргызстан Тынчтыктын жана аялдар үчүн коопсуздуктун глобалдык индекси (WPS) боюнча эки жыл катары менен Борбор Азияда кыз-келиндер үчүн эң кооптуу өлкө деп таанылган. Бул рейтингде 2023-жылы Кыргызстан 177 өлкөнүн арасынан 95-орунду ээлеген. Ал эми 2021-жылы талдоого алынган 170 өлкөнүн ичинен 97-орунга түшкөн.

Дагы караңыз

Румыния дрон окуясынан кийин Орусиянын Башкы консулдугун жаптыАстана саммити: Лидерлер Арменияны Евробиримдикти же ЕАЭБди тез арада тандоого чакырыштыТокаев ЕАЭБ өлкөлөрүн жасалма интеллектти өнүктүрүүгө чакырдыЖурналисттер Украинадагы согушта 223 миңдей орус аскери өлгөнүн аныкташты