Мурдагы министр Узакбаевдин кызынын камактагы мөөнөтү эки айга узарды

Иллюстрациялык сүрөт.

Мамлекеттик ишканалардын мыйзамсыз менчиктештирилүүсүнө байланыштуу кылмыш ишинин алкагында кармалып, камакка алынган экс-министр Эмил Узакбаевдин кызы Мээрим Узакбаеванын бөгөт чарасы Бишкектин Биринчи май райондук соттун чечими менен эки айга узартылды.

Узакбаеванын адвокаты Акынбек Ногоев сот чечими менен макул эместигин билдирип, "Азаттыкка" төмөнкүлөрдү айтты:

"Аталган ишкана менчиктештирилген 1993-94-жылдары Мээрим Узакбаева 11 гана жашта болгон. Ал физикалык жактан да, укуктук жактан да бул ишкананы менчиктештирүүгө катыша алмак эмес. Эгер 11 жашар кыз ошол 1994-жылы кылмыш кылган болсо да, кылмыш мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу аны кармап, камакка алуу мыйзамсыз".

Мээрим Узакбаевага Кылмыш жаза кодексинин 336-беренеси ("Коррупция") жана 42-беренесинин 2-бөлүгү ("Биргелешип кылмыш жасаган жана күн мурунтан аны биргелешип жасоо жөнүндө макулдашып алган адамдардын тобу) менен кылмыш иши козголгон. Ал аталган кылмыш ишинин алкагында 20-мартта кармалып, камакка алынган.

Ага Бишкектин Тоголок Молдо көчөсүндөгү 5 кабаттуу имаратты, Сыдыгалиев көчөсүндөгү "Кыргызайылкөмөк" акционердик ишканасын имараттары жана жерлери менен жалпы 9 гектар, ошондой эле Махатма Ганди көчөсүндөгү "Баят" базарын 9 гектар жери менен мыйзамсыз менчиктештирүү боюнча айып тагылган.

Мээрим Узакбаева мурдагы айыл чарба министри, Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси Эмилбек Узакбаевдин кызы. Эмилбек Узакбаев "75чилердин катына" байланышкан иштин алкагында 11-февралда кармалган. Ага “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен айып тагылган, ал “кызматта турган адамдардын кылмыштуу аракетине көмөк көрсөткөн” деп шектелүүдө.(DSh/ZKo)

Дагы караңыз

"Качып кетип, кайра оор кылмыштарга баргандар көп". Орусия согушка тарткан кооптуу кылмышкерлер Парижде футбол чемпионатынан кийин 400дөн ашык киши кармалдыДрон соккусунан Саратов жана Ростовдогу мунай заводдорунда өрт чыктыФарид Ниязов ырайым менен абактан чыкканы кабарландыЖАМК Садыркуловдун өлүмүнө айыпталган адамга ырайым берилгени тууралуу маалыматты четке какты Балдарды коргоо күнүндө Бишкекте айрым көчөлөрдө автоунаа кыймылы чектелет