Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов “Бала ырысы” жөлөк пулун өлкөдө 470 миңге жакын бала алат деп күтүлүп жатканын билдирди. Ал журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып баштапкы 2-3 айда жөлөк пул алуу үчүн арыздар көп түшөрүн, ушундан улам техникалык жактан маселе жарылышы мүмкүн экенин кошумчалады.
Кыргызстанда 1-июлдан тартып үч жашка чейинки балдарга ай сайын 1200 сомдон жөлөк пул үй-бүлөнүн кирешесине карабастан бериле баштайт.
“Бала ырысы” деп аталган жөлөк пул балдарга төрөлгөн күндөн тартып 3 жашка чыкканга чейин ай сайын берилет. Ал ата-эне жөлөк пул дайындоо арызы менен кайрылган жана бала жөлөк пул алуучу менен чогуу жашаган учурда дайындалат. Бир эле учурда эки жана андан көп бала төрөлгөндө “Бала ырысы” жөлөк пулу ар бир балага өзүнчө чегерилет. Каражат берүү бала 3 жашка чыкканда токтойт. “Бала ырысы” 2023-жылдын 1-августунан тартып төрөлгөн балдарга берилет.
Министрлер кабинети 2026-жылы 3 жашка чыга элек балдарга жөлөк пул берүү үчүн бюджеттен 3 миллиард 316 миллион сом бөлөрү кабарланган.
Ушул тапта 16 жашка чейинки балдары бар муктаж үй-бүлөлөргө “Үй-бүлөгө көмөк” деп аталган 1200 сом өлчөмүндө мамлекеттик жөлөк пул берилет. Бийик тоолуу жана алыскы райондордо жашаган үй-бүлөлөр үчүн жөлөк пулдун өлчөмү аймактык коэффициент менен эсептелинет.
Бирок жөлөк пул алуудагы түйшүк, кыйынчылыктар тууралуу нааразылык айтылып турат. 1200 сом өлчөмүндөгү жөлөк пулду алуу үчүн үй-бүлөнүн кирешеси жан башына 1000 сомдон жогору болбошу керек деген жобосу элдин нааразычылыгын жаратып келген.(BTo)