"Соттолгон деген макам кала берет". Фарид Ниязов, Адилет Балтабайга ырайым берилди

Адилет Балтабай жана Фарид Ниязов. "Азаттыктын" коллажы

Президент Садыр Жапаров экс-президент Алмазбек Атамбаевдин аппарат башчысы Фарид Ниязов менен жарандык активист Адилет Балтабайга ырайым бергени маалым болду.

Ынтымак Ордо буга байланыштуу комментарий берген жок. Ырайым алгандар жана алардын жактоочулары менен жакындары дагы азырынча үн ката элек. Соңку окуяларды айрымдар Садыр Жапаровдун саясатынын жумшара баштаганы менен чечмелесе, ошол эле маалды аны алдыдагы шайлоо менен байланыштыргандар дагы болду.

Алмазбек Атамбаев бийликте турганда анын аппаратын башкарган, таасирдүү аткаминерлердин бири саналган Фарид Ниязов ырайым менен абактан чыкканын биринчилерден болуп бийликчил блогер Атай Бейшенбек уулу 30-майда айтып чыкты. Ал Фейсбуктагы баракчасына муну ириде президент Садыр Жапаровдун кечиримдүүлүгү менен байланыштырып жазды:

"Мындай чечим Садыр Жапаровдун саясий атаандаштык менен мамлекеттик жоопкерчиликти аралаштырбаганын дагы бир жолу көрсөттү. Президент үчүн мыйзам алдында ар ким өз жоопкерчилигин тартат, бирок ошол эле учурда гуманизм, кечиримдүүлүк жана мамлекеттин кызыкчылыгы биринчи орунда турат. Акыркы жылдары ар кандай саясий көз караштагы адамдарга карата кабыл алынган чечимдер да анын адамдарды “өз” же “бөтөн” деп бөлбөй, өлкөдөгү ынтымакты, туруктуулукту жана коомдук биримдикти бекемдөөгө умтулган саясат жүргүзүп жатканын көрсөтүүдө", - деп жазды ал.

Мунун алдында, 29-майда Атай Бейшенбек уулу жарандык активист Адилет Балтабайга Садыр Жапаров ырайым бергенин маалымдап чыккан.

Азырынча Садыр Жапаров жана анын администрациясы буга байланыштуу комментарий бере элек. Ырайым алгандар жана алардын жакындары менен жактоочулары дагы үн катпай турат.

Дагы караңыз

Президенттин “сол колу”

Соңку окуяларга байланыштуу айрыкча соиалдык тармактарда талкуу жаралды. Айрымдары муну Садыр Жапаровдун саясатынын жумшара башташы менен түшүндүрсө, ошол эле кезде бул чечимдерди алдыдагы шайлоо менен байланыштыргандар дагы болду.

Жогорку соттун мурдагы төрагасы, экс-депутат Курманбек Осмонов "Азаттыкка" комментарий берип жатып, ырайым берүү президенттин гана укугу экенине токтолду. Мыйзамдын жол-жобосуна ылайык, ырайым сураган адам гана күнөөсүн мойнуна алганын ырастап арыз жазышы керек экенин белгиледи.

Курманбек Осмонов.

"Соттолгон адамга ырайым берүү конституция боюнча президенттин ыйгарым укугуна кирет. Адатта ошондой арызды ырайым сураган адам өзү жазат. Илгертен бери келе жаткан тартиби ушундай, ал адам арызында күнөөсүн мойнуна алып, кечирим сурап, кылган ишине өкүнөрүн билдирет. Ал арызды президенттин алдындагы ырайым жана мунапыс берүү боюнча атайын комиссия карайт. Ал комиссия Жогорку соттун, Башкы прокуратуранын, Ички иштер министрлигинин жана Улуттук коопсуздук комитетинин дагы корутундулары келет. Анан анын баарын чогултуп, жыйынтыктап комиссия президентке ырайым берсе болот же болбойт деген сунуш киргизет. Акыркы чечимди конституциялык укугуна байланыштуу президент жеке өзү кабыл алат. Мыйзамга ылайык, кайсы бир жагдайларда, мисалы соттолгон адам ден соолугуна же башка жагдайына байланыштуу өзү кайрыла албаса, анда анын атынан мыйзамдуу өкүлдөрү, жакын туугандары ырайым сурап кайрыла алат. Алардан сырткары башка адамдар эми президентке кайрылышы мүмкүн, бирок аларды каттары чечим чыгарууга негиз болуп бере албайт".

Туура бир жыл мурда, 3-июнда Бишкектеги Биринчи май райондук соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, Фарид Ниязов баштаган адамдарды Кой-Таш ишине байланыштуу күнөөлүү деп тапкан. Ага ылайык, экс-президент 11 жыл 6 айга кесилип, мүлкү мамлекетке чегерилген. Фарид Ниязов, экс-депутат Равшан Жээнбеков 7 жыл 8 айга эркинен ажыратылган. Мурдагы депутат Ирина Карамушкинанын буга чейин жергиликтүү шайлоодогу добуш сатып алууга байланыштуу берилген жаза мөөнөтү кошулуп, ага жалпы сегиз жыл берилген. Алмазбек Атамбаевдин тарапташы Фархад Баабиев 5 жыл 6 айга кесилген.

Бишкек шаардык соту бул чечимди өзгөртүүсүз калтырган. Айыпталгандар сотто күнөөсүн мойнуна алган эмес.

Фарид Ниязов был ноябрдан бери Чүй облусуна караштуу Молдовановка айылындагы №27 абакта жазасын өтөп жаткан.

Дагы караңыз

Октябрь окуялары: Жээнбеков кантип бийликтен кеткен?

Алмазбек Атамбаев жана Фарид Ниязов баштаган топко 2020-жылы бийлик алмашуу менен аяктаган Октябрь окуяларына байланыштуу дагы айып тагылган.

Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулова ырайым суроону аргасыз чара катары сыпаттады.

Клара Сооронкулова.

"Ырайым сурап жаткандары албетте өкүнүчтүү, бул жерде эми айласыздыктан улам болду окшойт. Ырайым сураган адам баары бир кылмышкер деген макам менен калат. Анткени ырайым берүүдөгү эң башкы шарт - бул күнөөсүн мойнуна алуу да. Ансыз ырайым берилбейт. Ошон үчүн мен бул окуяларды өтө чоң өкүнүч менен карап жатам. Адилеттүүлүккө жетебиз, мыйзамдуудук болсун десек, анда булардын иши кайра каралып чыгып, акталышы керек эле. Ошондо гана мыйзамдуулук орноду десек болот эле. Эми азыр айласы кеткенинен ырайым сурап жатышса керек. Ошондуктан муну мен президенттин айкөлдүгү деп айтуудан карманып турам. Мен дагы айткам, башка адамдар дагы айтышты, кандайдыр бир парламенттик болобу же мамлекеттик комиссиябы, айтор түзүп туруп саясий өңүтү бар иштерди карап чыкпайлыбы деген сунуштар болду. Бирок бул сунуш кабыл алынган жок. Эми ырайым сураган адамдар соттолгон, кылмышкер деген макам менен калат, эми буларга реабилитация кылганга эч кандай мүмкүнчүлүк болбойт".

Дагы караңыз

"Ажиевге берилген ырайымды биз да сураганбыз". Активисттин үй-бүлөсү бийликтен акыйкаттык күтөт

Адилет Балтабай деген ат менен таанымал блогер жана жарандык активист Адилет Али Мыктыбек 2022-жылы июнда камалган. Ички иштер министрлиги ага Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (“массалык башаламандыктар”) менен кылмыш иши козголгонун билдирген. Активист ага чейин бийликти сындаган акцияларга катышып, чагылдырып жүргөн. Бишкектеги райондук сот активистке үч жылдык пробациялык жаза чегерип, сот залынан бошоткон.

Адилет Балтабай абактан чыккандан кийин Кемпир-Абад иши боюнча камалгандардын сотуна барып, 10-январдагы митингге да катышкан жана көп өтпөй пробациялык жазанын эрежелерин бузду деген жүйө менен кайра камалган. Ал дагы күнөөсүн мойнуна алган эмес, пикири, жарандык позициясы үчүн соттолуп жатканын билдирип келген.

Адилет Балтабайдын апасы былтыр апрелде жалгыз уулу үчүн ырайым сурап өлкө башчысына кайрылганын, бирок президенттик администрациядан ырайым берилбей турганы тууралуу жооп кат алганын билдирген.

Бул тууралуу президенттик администрация, Жаза аткаруу кызматы түшүндүрмө берген эмес.

Садыр Жапаров бийликке келгени бир канча адамга ырайым берди жана буга байланыштуу талаш-талкуу жараткан окуялар дагы болду. Ушул жылдын башында 2024-жылы вебкам ишине байланыштуу айыптуу деп табылган, тогуз жылга эркиндигинен ажыратылган Даниел Ажиев президенттин ырайымы менен бошогону белгилүү болгон. Социалдык тармактарда Ажиевдин абактан чыгары менен Өзгөчө кырдаалдар министрлигине таандык, ижарага алынган тик учакка түшүп кеткени тартылган видеолор жарыяланып, талкуу жараткан.

Президент Садыр Жапаров буга байланыштуу комментарий берип, Ажиевге анын апасынын кайрылуусунан улам ырайым бергенин билдирген. Бул билдирүүдөн көп өтпөй эле Ажиев 8-мартта маңзат ишине шек саналып кайра кармалганы белгилүү болгон.

Мындан тышкары Оштогу көкбөрү мелдешиндеги сөзү үчүн бейбаштыкка айыпталып, камакка алынган Султан Абдыкадыров президенттин ырайымы менен абактан чыкканын “Азаттыкка” анын атасы Абдыманап Кудайбердиев ырастады.

“Уулум кечээ Молдовановкадагы абактан чыгып, бүгүн айылга келди. Азыр бир сааттай мурун эле үйдөн тосуп алдык”, - деди Кудайбердиев 30-майда.

Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, Султан Абдыкадыров 2023-жылы “бейбаштык” беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, беш жылга абакка кесилген. Буга ошол жылы 31-август – Эгемендик күнүнө карата көкбөрү мелдешиндеги сүйлөгөн сөзү негиз болгону айтылган.

Президент Садыр Жапаров быйыл апрелде Ош облусуна иш сапары менен барып, эл менен жолукканда Кудайбердиев мамлекет башчыдан уулуна ырайым берүүнү суранган. Жапаров макул экенин билдирген.

Абдыкадыров быйыл февралда президенттен ырайым сурап кат жазганы белгилүү болгон.

2023-жылы 31-августта Ош шаарынын Төлөйкөн айылындагы ат майданда көкбөрү боюнча республикалык мелдеш өтүп, ага президент Садыр Жапаров да катышкан. Мелдеш аяктагандан кийин жыйынтыкка нааразы болгон айрым адамдар талаага чуркап чыгып, калысты кубалап, желим бөтөлкө, таш менен чапкан. Бул окуя боюнча милиция тогуз кишини кармаган. Дагы 56 кишиге айып салынып, коё берилген болчу.

Дагы караңыз

Жапаровдун өтүнүчү карала элек

Садыр Жапаров өзү абакта отурган кезде, 2019-жылы ошол маалдагы президент Сооронбай Жээнбековдон ырайым сураганы маалым. Анын адвокаты болгон Шарабидин Токтосунов Садыр Жапаров президенттин алдындагы ырайым берүү иштери борюнча комиссияга арыз жазганын, анда күнөөсү жоктугун белгилеп, ата-энеси, баласынан ажырап калганын белгилеп, үй-бүлөсү оор абалда турганы үчүн ырайым берип бошотууну суранганын маалымдаган.

Сооронбай Жээнбеков жана анын администрациясы буга байланыштуу комментарий берген эмес.