Жаңы кылмыш иши
Вебкам иши боюнча соттолуп, 18-февралда президенттин ырайымы менен абактан чыккан Даниел Ажиев кайра кармалганы белгилүү болду. Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы 6-мартта тараткан маалыматта Ажиев Токмок шаарынын айланма жолунда кармалганы айтылды.
Милиция ага Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесинин (“Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо”) негизинде кылмыш ишин козгогону маалымдалды.
Ажиев облустук милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Ошентип, эки апта мурун абактан чыккан Даниел Ажиев кайрадан кармалды. Өзүнүн атынан же адвокатынан, жакындарынан облустук милиция тараткан маалыматка байланыштуу азырынча комментарий боло элек.
Соңку эки күндөн бери ал коомчулукта, социалдык тармактарда кызуу талкууга алынып жаткан эле.
Тагыраагы, Даниел Ажиевдин Чүйдүн Петровка айылындагы абактан Өзгөчө кырдаалдар министрлигине таандык тик учак менен чыгып кеткени тартылган чакан видео социалдык тармактарга тараган. Соттолуп, президенттин ырайымын алган адамдын абактан учак менен чыкканы дароо талкууга түшкөн эле.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги "Азаттыкка" тик учак үчүн 268 миң сом ижара акысы төлөнгөнүн, ижара тууралуу буюртманы Ажиевдин жакындары беришкенин билдирген.
Президентти түшүндүрмө берүүгө аргасыз кылган окуя
Коомдогу талкуудан улам президент Садыр Жапаров түшүндүрмө берди. 6-мартта мамлекет башчы Жапаров Ажиевдин апасы баласына ырайым беришин сурап, жеке WhatsApp номуруна видео аркылуу чалганын, уулу жок жашоосу оорлоп кеткенин айтып ыйлаганын билдирди:
"Мен боорукер адаммын. Чындап эле ишенип, ырайым бердим. Бир эле Ажиевге эмес, ошол күнү жалпысынан оор эмес кылмыш кылган 75 соттолуучуга ырайым бергем. Анан эле мага “Ажиев түрмөдөн тик учак менен учуп кетип жатат” деген кабар келди. Дароо ошол замат тик учакты кайра артка кайтартып, учкан ордуна кондурдук. Ажиев машина менен үйүнө кетти. “Тик учак менен учуп кетти” деген маалымат чын. Бирок 15 мүнөт өтпөй учакты артка кайтартып, учкан ордуна кондурганбыз", - деди Жапаров.
Президент Ажиевдин түрмөдөн чыгышына тик учак берген Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эч кандай күнөөсү жоктугун, бул мекеменин карамагындагы тик учактар коммерциялык буюртмаларды дагы аткара берерин белгиледи.
Садыр Жапаров Даниел Ажиевдин тик учак менен учканы өзү үчүн да күтүүсүз болгонун билдирди:
"Мен дагы угар замат дендароо боло түштүм. Апасы “итке минип калдык” деп ыйлап атса, баласы түрмөдөн тик учак жалдап учуп жатса, “мени алдаган экен да” деп. Негизи менин боорукерлигимди жана жумшак мамиле жасаганымды көптөр пайдаланышат. Бирок көпкө узашпайт. Жумшак кишилердин катуулугу кармаса, таптакыр жазылбайт эмеспи".
Бирок Өзгөчө кырдаалдар министрлиги буга чейинки комментарийинде Ажиевди кайра абакка жеткиргенин билдирген эмес.
Президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов Ажиевдин апасы президентке жөнөткөн деген видеону 6-мартта жарыялады.
Анда Сайкал Ажиева үй-бүлөсү оор кылдаалда экенин айтып, уулун абактан бошотууну суранган:
“Мен Даниел Ажиевдин апасы болом. Президент катары сизден суранып кетет элем. Ырайым берип чыгарып берүүңүздү сизден суранам. Мен жалгызмын, мындан башка (ред: уулунан) эч кимим жок. Кан басымым көтөрүлүп, такай дары ичип жашап жатам. Уулумду чыгарып берсеңиз, социалдык тармактарга чыкпайт. Мен буга кепилдик берем. Тынч жашап, чарбачылык кылып, колунан келген тиричилигин кылат деп ишендирип кете алам. Даниелдин 13 жаштагы баласынын да майыптыгы бар. Биз эч кимге билдирбеген менен ит көрбөгөн турмушта жашап жатабыз”, — деген Ажиевдин апасы Сайкал Ажиева.
Соттолгон адамга ырайым эгер ал чын эле күнөөлүү экенин мойнуна алганда берилет. Абактан ошондой шарт менен, президенттин ырайымы деген кепилдик менен бошотулуп жаткан адамдын абактан тик учакка отуруп чыгышын айрымдар бийликтин ырайымына карата жасалган тескери аракет катары баалап жатышат.
Тарыхта мындай болгон эмес...
Юрист, жарандык активист, талдоочу Илим Карыпбеков Ажиевдин жоругун акылсыздык деп атады:
“Анын аракети, албетте, акылсыздык. Өзү абакта жатканда аялы элге кайрылып, өзгөчө баласы бар экенин айтып өкмөткө кайрылып, мүлк алганын элдин баары билет да. Мунун кылганы «эми мына, билгениңерди кылып алгыла» дегендей эле болду. Тик учакты абактын алдына учуруп келип, тарыхта биринчи жолу болду го дейм. Мен билгенден, Батукаев да абактан мындай чыккан эмес”.
Былтыр 19-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) ошол кездеги төрагасы Камчыбек Ташиев Ажиевдин жубайы Наргиза Ажиевага күйөөсүнүн кылмышы үчүн мамлекетке алынган батирин кайтарып, автоунаа берген.
Анын алдында, 29-июлда Наргиза Ажиева социалдык тармактардагы баракчаларынан президент Садыр Жапаровго кайрылуу жасап, жолдошунун мамлекетке конфискацияланган турак жайларынын бирин жашоосу үчүн берүү маселесин карап чыгууну суранган.
Атайын кызмат анын оор илдетке чалдыккан баласы бар экени эске алынып, жаңы автоунаа да берилген деген маалымат тараткан.
Вебкам иши боюнча тогуз жылга абакка кесилген Даниел Ажиев 36 жашта.
Чүй милициясы ага бул жолу козголгон кылмыш ишинин беренеси баңгизатка байланыштуу экенин расмий билдирди. Кылмыш-жаза кодексине ылайык, "Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды же алардын окшошторун мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү, ири өлчөмдө сатуу максаты жок жасалса" адам айыппулдан тартып беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Ошол эле жосундар өзгөчө ири өлчөмдө жасалса беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө абакка кесилет.
Буга чейинки иштер
Бишкектин Биринчи май райондук соту 2024-жылдын 31-июлунда аны Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренеси (“Сойкулукту жана ыпластыкты интернет тармактары (вебкам-студиялар) аркылуу уюштуруу жана аларга көмөктөшүү”), 161-беренеси (“Порнографиялык мүнөздөгү буюмдарды таратуу”), 261-беренеси (“Уюшкан топту түзүү же ага катышуу”) жана 215-беренеси (“Алдоо же ишенимге кыянаттык кылуу жолу менен мүлктүк залал келтирүү”) боюнча күнөөлүү деп таап, 220 миң сом айып салган, мүлкүн конфискациялоо менен тогуз жылга абакка кескен. Бул өкүмдү кийинки инстанциялар күчүндө калтырган.
Даниел Ажиевдин мамлекетке алынган мүлкүнүн жалпы баасы 262 миллион сомду түзгөн.
Аны менен кошо айыпталгандардын бирине 220 миң сом айып салынып, сегиз жылга эркинен ажыратуу чечими чыгып, төрт жылдык пробациялык мөөнөт менен бошотулган. Дагы бир шектүү кылмышка тиешеси жок болгону үчүн күнөөсүз деп табылган.
Ажиев 2023-жылы июнь айында кармалган. Анда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Ажиев жетектеген “трансулуттук туруктуу кылмыштуу топтун ишмердигине бөгөт коюлганын” кабарлаган. Атайын кызматтын маалыматы боюнча, ал ээлик кылган үч чоң студияда тинтүү жүргүзүлүп, 30 оператор жана ар кандай интернет-платформаларда (атайын түзүлгөн интернет-сайттарда) акчага интимдик кызмат көрсөтүү үчүн колдонулган 80 компьютер табылган. Топтун мүчөлөрү чет мамлекеттерде да Даниел Ажиев түзгөн аянтчаларда интимдик мүнөздөгү кызматтарды көрсөтүп, көп суммада киреше алып турганы жана ага кыздар тартылганы аныкталган. Атайын кызмат операторлор үч нөөмөт менен иштегенин, кызматкерлер болжол менен 18 жаштан 25 жашка чейинки 300гө жакын адамдан турганын кошумчалаган.
Ал 2023-жылы 31-майда Кыргызстандын аймагынан чыгып кеткендигине байланыштуу издөө жарыяланып, УКМКнын өтүнүчү менен Өзбекстандан Бириккен Араб Эмирлигине (БАЭ) учууга аракет кылып жатканда кармалып, Кыргызстанга өткөрүлгөн.
Даниел Ажиев жогоруда аталган иштерден сырткары 2020-жылы интернетте айткан сөздөрү үчүн да кармалган. Анда ал Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренеси (“Расалык, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты (араздашууну) козутуу”) боюнча шектүү катары камакка алынган. Кийин апасы ошол учурдагы президент Сооронбай Жээнбековдон уулун камактан бошотууну суранган. 666 миң сом өлчөмүндө айыппул төлөп бергенден кийин соттун чечими менен бөгөт чарасы өзгөртүлүп, үй камагына чыгарылган. Соттук териштирүү уланып, ал күнөөлүү деп табылган жана мамлекетке 190 миң сом төлөөгө милдеттендирилген.
Шерине