Кара-Балта шаарынын вице-мэри жана дагы бир кызматкери кармалды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет тараткан сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Кара-Балта шаарынын вице-мэри (К.А.У.) менен мэрияга караштуу “Жол курулуш башкармалыгы” муниципалдык ишканасынын директору (Э.М.У.) коррупцияга шек саналып кармалганын кабарлады.

Атайын кызматтын маалыматында алар жеке адамдарга кум-шагыл аралашмасын жана битумду мыйзамсыз сатуу иштерин уюштурган деп шек саналууда.

Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чараларынын жыйынтыгында шектүүлөр УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Алардын адвокаттары менен жакындары комментарий бере элек. (BTo)

Дагы караңыз

Украина: Чернигов, Харьков жана Одессага соккулардан 20дай киши жараат алды Депутат Кайрылбекова камактагы жолдошу Кубандыковдун иши боюнча комментарий берди“75чилердин иши”: сотту ачык өткөрүү сунушу четке кагылганы белгилүү болду Францияда футбол беттешинен кийинки тополоңдо кармалгандар 800гө жетти, 200дөн ашуун киши жараат алды Өкмөт менчик мектептердеги окуунун баасына көзөмөл киргизбейтАКШ менен Иран бири-бирине кайрадан сокку урду “Ашар бирикмесинин” директору үчүнчү жолу кармалды“Бала ырысы” жөлөк пулун 470 миңге жакын бала алат