Жапаров тиешелүү кеңешти былтыр түзгөн жана эл аралык Binance криптобиржасынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжаону өзүнө кеңешчи кылып алган.
Бийлик анын жардамы менен Кыргызстандын алгачкы USDKG криптовалютасын чыгарган. Аз күн мурдараак Улуу Британия Кыргызстандын дал ушул каражатты чыгарган компаниясына санкция салып койду.
Кеңештен агенттикке карай
Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин базасында улуттук агенттик түзүү боюнча жарлыкка президент Садыр Жапаров 28-майда кол койду. Документти “Эркин-Тоо” мамлекеттик гезити жарыялады.
Маалыматка караганда, Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча улуттук агенттик бул тармактагы ыйгарым укуктуу орган болуп калат. Ага виртуалдык активдер тармагын жөнгө салуу, уруксат кагаздарын берүү, мамлекеттик реестрди жүргүзүү, ошондой эле криповалюталарды каттоо, эмиссия кылуу жана жүгүртүү маслелерин көзөмөлдөө милдеттери берилет.
Финансы базарын көзөмөлдөө жана тескөө кызматы алдыңкы бир айдын ичинде аталган агенттикке виртуалдык активдер базарына тиешелүү маалымат тутумун, маалыматтар базасын, санариптик реестрлерди, архивдик материалдарды жана башка ресурстарды өткөрүп бериши керек.
Финансы базарын көзөмөлдөө жана тескөө кызматынын директору Кайрат Маматов “Азаттыкка” буларды билдирди:
Кайрат Маматов
“Мен бул кызматка дайындалганыма экинчи ай кетип баратат. Келгенден бери эле көзөмөл боюнча да, функциялар боюнча да талкуулар жүрүп келаткан. Анткени январь айында “Виртуалдык активдер жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилип, атайын орган түзүлүп, лицензиялоо жана саясатты жүргүзүү ошол органга берилери каралган болчу. Бүгүнкү күндө чечим чыгып, атайын улуттук агенттик түзүлүп жатат. Лицензиялоо жана саясатты жүргүзүү ошол органга өтүп, көзөмөл жүргүзүү биздин өзүбүздө калып жатат”.
Мамлекет башчы Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча улуттук кеңешти 2025-жылдын 3-майында түзгөн. 4-майда Чолпон-Ата шаарында кеңештин биринчи жыйыны өткөн.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Кыргызстандын криптосаясаты жана Батыштын "кара тизмеси"
Жыйында президент Садыр Жапаров дүйнөдөгү эң ири криптобиржа – Binance компаниясынын негиздөөчүсү, кытай-канадалык ишкер Чанпэн Чжаону өзүнүн бул жааттагы коомдук кеңешчиси кылып бекиткенин жарыялап, ага атайын күбөлүк тапшырган. Чжао улуттук кеңештин былтыр 24-октябрда өткөн экинчи жыйынына да катышкан.
Бул аралыкта президент Чжао менен ойлайн да сүйлөшүп турду жана быйыл февралда кайрадан коноктоду. Жапаров апрелде Чжаонун шакирти, TRON блокчейн-платформасынын негиздөөчүсү Жастин Санды Бишкекте кабыл алды. Крипто ишмерлердин экөө тең миллиардерлер.
Садыр Жапаров TRON блокчейн-платформасынын негиздөөчүсү Жастин Сан менен жолукту. Чанпэн Чжао Жастин Сандын устаты, ал эми Фархат Иминов Виртуалдык активдер жана блокчейн технологиялар чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин катчылыгынын жетекчиси.
Кыргыз бийлиги Чжаонун жана Сандын көмөгү менен долларга байланган USDKG жана сомго байланган KGST аттуу криптовалюталарды жасап, TRON блокчейн-платформасында жүгүртүүгө чыгарды жана Binance биржасында сатыкка койду.
Адистер мына ушундай иштердин фонунда масштабдуу аракеттерге өтүү үчүн өлкө жетекчилиги улуттук кеңешти мамлекеттик агенттикке айлантты деп эсептешет. Маселен, экономист Искендер Шаршеевдин пикири мындай:
Искендер Шаршеев
“Негизи мамлекеттик мекемелерде реструктуризация боло берет. Канткенде жакшы жүрөт, не кылсак мүмкүнчүлүктөр түзүлөт, кайсы жакшы ыкма менен иштеп көрсөк болот деп жолдорду издей беришет. Ошону үчүн, бул, менимче, көнүмүш эле нерсе. Болгону, мына ушундан эле жыйынтык болуп кетет деп эффект күткөнгө болбойт. Эффект адистерден, кадрлардан көз каранды. Алар канчалык компетенттүү ошол нерседен көз каранды. Жеке өзүмдүн тажрыйбамда реструктуризациядан маселе чечилгенин көргөн эмесмин, маселелерди кадрлар гана чечет”.
Санкциялар жана компаниялар
Кыргыз сомуна байланганы менен KGST стейблкоини жеке тарапка карайт. Ал "КейЖиЭсТокен" аттуу жеке фирмага таандык. Директору катары Ольга Мартынова, негиздөөчүсү катары “Гевор Трейдинг Корп” аттуу эл аралык компания көрсөтүлгөн. Бул алгач 10 млн сомдук суммада жүгүртүүгө чыгарылып, кийин суммасы көбөйгөн.
Ал эми USDKG стейблкоинине Финансы министрлигине караштуу “Виртуалдык активдердин эмитенти” компаниясы ээлик кылат. Директору Бийболот Мамытов. Алгач 50 млн долларлык криптовалюта сатылган жана кийин 2 млрд долларга чейин жетиши мүмкүн экени айтылган.
Binance криптобиржасынын сайтын карасак, анда кеп болгон криптовалюта тең соодаланууда. Динамикада көрүнүп тургандай, экөөнүн тең наркы бир көтөрүлүп, бир түшүп турат.
USDKG’нин капитализациясы 16,71 миң доллар болсо учурда 7-8 миң долларды көрсөтүүдө, KGST’нин капитализациясы 5 миң доллар деп белгиленсе азыр 11-12 миң доллардын тегерегинде кармалууда.
Биржада алып-сатуу кызуу жүрүп жаткан маалда – Улуу Британия Украинадагы согушка байланыштуу Орусияга каршы санкциялык тизмесин кеңейтип, Кыргызстандын үч компаниясына, анын ичинде дал ушул USDKG стейблкоинин жүгүртүүгө чыгарган "Виртуалдык активдердин эмитенти" компаниясына санкция салды.
Британиянын билдирүүсүндө Кыргызстанда катталган “Евразиялык аманат банкы” Орусиянын өкмөтү үчүн "стратегиялык маанилүү тармакта иштеген адамдарга финансылык тейлөө көрсөткөн" деп белгиленген. Расмий Лондон "Мамлекеттик брокерлик компания” жана "Виртуалдык активдердин эмитенти" (USDKG) орус өкмөтүнөн пайда тапкан же Орусияга экономикалык маанилүү иштер аркылуу аны колдогон болушу мүмкүн деп эсептейт.
Кыргызстандын бийлиги муну четке кагып, Британиянын өкмөтүнө кат жөнөттү.
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев “Азаттыкка” муну мындайча комментарийледи:
Данияр Амангелдиев
“Ал жаңы эле жүгүртүүгө чыккан, ошого бизге да эмне үчүн санкцияга илингени белгисиз болуп жатат. Анткени, анда азырынча бир да операция жүргөн эмес. Ошондуктан “эмне себептен мындай болгонун” тактап, тиешелүү кат жолдодук. Калгандары боюнча да сүйлөшүү жүрүп жатат”.
Батыш өлкөлөрү 2022-жылы орус аскерлеринин Украинага басып киришине байланыштуу Орусияга санкция салгандан сырткары ага көмөктөшкөн мамлекеттердеги компанияларга да экинчи деңгээлдеги санкцияларды салып келет.
Кыргызстандагы компанияларга 2023-жылы май айында биринчи жолу санкция салынды.
“Азаттыктын” эсебинде, 2026-жылдын башына карата 28 кыргызстандык компания Батыш өлкөлөрүнүн санкциясына илинген. Мындан сырткары ушул эле компаниялардын негиздөөчүлөрү же жетекчилери да “кара тизмеге” кирген. Соңку үч компанияны кошкондо санкцияга кирген компаниялардын саны 31 болду.
Министрлер кабинети быйыл май айында санкциялык тобокелдиктерге байланыштуу Кыргызстандагы 50 ишкананын ишин токтоткон. Өкмөт бул компанияларга АКШ менен Улуу Британия доо койгонун билдирген.
Финансы базарын көзөмөлдөө жана тескөө кызматынын директору Кайрат Маматовго кайрадан сөз берели:
“Бүгүнкү күндө өкмөт чечимдерди кабыл алып, санкцияга кирген компанияларды жаап атпайбы. Ошого байланыштуу биз да жумушубузду күчөттүк. Компаниялар берген отчеттордун негизинде текшерип, алар кайсы активдер менен, кайсы криптовалюталар менен иштеп жатканын аныктап жатабыз. Бирок ошол эле кезде белгилеп кетиш керек, санкцияга кирген компанияларга биздин мыйзамдарда чектөө коюлган эмес. Биз көз карандысыз мамлекетпиз, биз өзүбүз чечебиз, муну так белгилеп коюш керек. Ошентсе да, биз алардын отчетторуна карап иш-чараларды жүргүзүп жатабыз. Бизде кайсы бир компанияны “санкцияга кирди” деп эле ишин токтотуп койбойбуз. Биз текшерип туруп, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу болсо анда биз чечим кабыл алабыз. Бирок ошого карабастан санкциялар боюнча берилген сунуштарды карап да чечим кабыл алып жатабыз. Жакынкы күндөрү “ТенгриКоин” боюнча да чечимдерди кабыл алабыз, ал боюнча текшерүү бүттү. “Олд Вектор” компаниясы да биздин эмитент болчу, ал боюнча да текшерүү жүрүп жатат. Ал орусиялык А7 компаниясынын төлөм системасы да, жаңыдан түзүп, иштеп келишкен. Ар бир мамлекет өзүнүн ичинде каалагандай система түзүп иштей берет. Биз да эркин мамлекетпиз, “кимдир бирөө менен иштейсиң, бирөө менен иштебейсиң” деген чектөөнү эч ким коё албайт. Дүйнөдөгү мамлекеттер бири-бирине ар кандай санкцияларды сала беришет да, анан алар санкция салып жатат деп, биз кайсы бир мамлекет менен иштебей койбойбуз да. Анүстүнө виртуалдык активдер боюнча биз Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен алдыда баратабыз. Ошондуктан бул тармакты чектебей, дагы өнүктүрүшүбүз керек. Албетте, кайсы бир мамлекеттерден кандайдыр бир сунуштарды алгандан кийин көзөмөл жүргүзүп, мамлекет тараптан тескөөгө алынарына кепилдик бере алам”.
АКШнын, Улуу Британиянын жана Европа Биримдигинин “кара тизмесине” кирген 31 кыргызстандык компания 15 санкциялык товарды Орусияга жеткирүүгө айыпталган. Төрт компания акчаны адалдоо жана алтынды мыйзамсыз сатууга байланыштуу, экөө Орусиянын мунай компанияларынын туунду ишканалары катары илешкен.
Соңкуларды кошкондо Кыргызстандагы беш банк Орусияга финансылык кызмат көрсөтүүгө, анын ичинде криптоактивдерге байланыштуу көмөктөшкөн деп шектелүүдө.
Беш компания түздөн-түз криптовалюталарды чыгарууга жана аны санкциядан кыйгап өтүүгө пайдаланууга айыпталууда. Анын бири, жогоруда айтканыбыздай, "Виртуалдык активдердин эмитенти".
Калган 4 компания – “Олд Вектор”, “Гринекс”, “ТенгриКоин” жана “Кифико”.
Grinex криптобиржасы, анда сатылып жаткан A7A5 токени жана бул экөөнүн артында турат делген Илан Шор. "Азаттыктын" коллажы.
“Азаттыктын” атайын иликтөөсүндө көрсөтүлгөндөй, мындагы “Олд Вектор” компаниясынын артында Молдовадан качып чыгып, Орусиядан башпаанек тапкан олигарх Илан Шор турат. Анын Орусиядагы А7 компаниясы Бишкекте “А7-Кыргызстан” аттуу компания ачып, “Олд Вектор” аттуу фирма аркылуу A7A5 токенин же стейблкоинди Кыргызстанда сатыкка чыгарганы аныкталган.
Кайрадан экономист Искендер Шаршеевдин пикирине орун берели:
“Эгерде салкын кандуу карап, талдасак Кыргызстан эгемендик алгандан бери дүйнөгө толук таанылып, дүйнө жүзүнүн оозуна алынган жок. Мындайча айтканда репутациябыз өтө чоң эмес, бизди жөн гана постсоветтик мамлекет катары таанышат. Англис тилдүү саясатчылар жана экономисттер Кыргызстанды “стандардын бирөөсү” деп коюшат. “Кыргызстан” деп айтсаң, “Ооганстанбы, же Күртстанбы?” деп тактап, сурашат. Ошону үчүн Кыргызстан биринчи кезекте мамлекет өз репутациясын курушу керек. Тилекке каршы, ал азырынча курула элек. “Кадыр-баркыбыз кетип, репутациябыз бузулду” дегидей, анчалык чоң репутациябыз жок болсо кантип бузулмак эле? Ошентсе да санкциялар салына баштаган соң Кыргызстан терс жагынан таанылып, туура эмес репутация жаралууда. Түз алганда бул санкциялар бизге өтө чоң таасир этпейт. Анткени бизге чара колдонгон мамлекеттер менен соода алакабыз анчалык чоң эмес. Бирок ошол эле кезде бул санкциялар кайсы бир мүмкүнчүлүктөрдү кыскартат. Кээ бир өлкөлөр менен кызматташууну кыйындатат. Келечекте дагы кандай кесепеттерди алып келерин дагы көрөбүз, бирок жалпы жонунан санкциялар жакшы иш болбой калды. Мындай болбош керек болчу. Башка жагынан алганда, биздин мамлекет Кытай менен Орусиянын ортосунда жайгашкан. Алар менен кантип иштешпей коё алабыз? Анда сооданы кантип аткарып, тиричиликтеги муктаждыктарды кантип жабабыз? Ошондуктан мен муну “географиялык тагдыр” деп атаар элем”.
Президент Садыр Жапаров былтыр сентябрда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы ассамблеясында сүйлөгөн сөзүндө Кыргызстандын банктарын тез арада санкциядан чыгарууну талап кылган.
Өкмөт Батыш өлкөлөрү менен сүйлөшүүлөр уланып жатканын маалымдап, алардан далилдерди сурап келген.
Европа Биримдиги быйыл февралда Украинадагы согуштун төрт жылдыгына карата сунушталган санкциялардын 20-пакетинде жеке компаниялардан сырткары Кыргызстанга санкция салынары көрсөтүлгөн. Бирок ал маалда документ кабыл алынбай калган.
Мунун артынан эле Европа Биримдигинин санкциялар боюнча атайын өкүлү Дэвид О'Салливан Бишкекке келип, Кыргызстандын бийлик өкүлдөрү менен жолугуп кеткен. Ага карабай апрелдин аягында санкциялар топтому кабыл алынып, Кыргызстанга товардын эки түрүн (металлдарды кесүүчү станокторду жана үн, сүрөт, видео маалыматтарын берүүчү модем, маршрутизатор сыяктуу байланыш каражаттарын) сатууга тыюу салынды.
Эл аралык медиалар муну бүтүндөй мамлекетке санкция салынган биринчи учур катары жазышты.