ШКУ жыйынына байланыштуу Бишкекте бир нече жерде жол кыймылы чектелет

Манас проспекти. Бишкек. Иллюстрациялык сүрөт.

Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө өлкөлөрдүн ички иштер министрлеринин Бишкекте өтүүчү жыйынына байланыштуу 4-июндан 6-июнга чейинки күндөрү айрым борбордук көчөлөрдө кыймыл убактылуу чектелет.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) маалымдагандай, чектөөлөр Фучик көчөсүнөн Васильев трактына чейин - Манас аэропортунун жолу, Байтик баатыр көчөсү, Чүй проспектинин Фучиктен Манаска чейинки бөлүгү, Манас проспектинин Чүй проспектинен "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясына чейинки бөлүгү 4-6-июнь күндөрү улам жабылып турат.

Министрлик шаардыктарды жана калаа меймандарын кырдаалды түшүнүү менен кабыл алууга жана кыймыл багытын чектөөлөрдү эске алуу менен алдын ала түзүп алууга чакырууда.

Бишкекте буга чейин ШКУга мүчө мамлекеттердин Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын жыйыны өткөн.

ШКУга быйыл Кыргызстан төрагалык кылып жатат. Уюмга мүчө мамлекет башчылардын саммити быйыл сентябрда Бишкекте өтөт.

ШКУ 2001-жылы Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Орусия, Өзбекстан жана Тажикстандын лидерлери негиздеген уюм. Ал өз ара ишенимди, саясий, экономикалык, коопсуздук жана маданий кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган уюм деп уставында жазылган.

2017-жылы ШКУга Индия менен Пакистан кошулган. 2023-жылы Иран, 2024-жылы Беларус кирген.(ZKo)

Дагы караңыз

Депутат интернет шылуундарга каршы күрөштү күчөтүү керектигин айттыКыргызстанда 650гө чукул, айрыкча орус тилдүү мугалим жетишсиз болуудаКендирбаева мектептерде мыйзамсыз акча чогулткандарга катуу чара көрүлөрүн айттыАннексияланган Крымдан кийин Луганскиде да күйүүчү май таңкыс болуудаТашкент жана Астана Еврошаркет менен миграция борборун түзүүнү макулдашпаганын билдирүүдө