4-июнда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.
Күндүз Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.
Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 13…18, күңдүз 27…32
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 11…16, күңдүз 24…29
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 14…19, күндүз 27…32
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 19…24
Нарын облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 17…22
Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 16…18°, күндүз 29…31° болот.