Оор кылмышка шектелген эки кыргызстандык чет өлкөдөн экстрадицияланды

Иллюстрациялык сүрөт.

Оор кылмыштарды кылып, из жашырып кеткени үчүн эл аралык издөөгө алынган эки жаран Кыргызстанга экстрадицияланды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.

Алар Башкы прокуратуранын Грузия жана Казакстандагы компетенттүү органдар менен кызматташтыгынын негизинде кармалып, экстрадицияланды.

Маалыматка ылайык, шектүүлөрдүн бири – Т.Ж. адам уурдоого айыпталууда. Тергөөнүн версиясы боюнча, ал шериктери менен жабырлануучуну шаардын четине алып чыгып, күч колдонуп коркутуп, менчик ишканасын өздөрүнүн атына өткөрүп берүүгө мажбурлашкан.
Экинчиси - Х.А. өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка айыпталууда. Тергөөнүн маалыматы боюнча, ал ишенимге кирүү жолу менен жарандардын мүлкүн мыйзамсыз ээлеп, жалпы 90 миллион сомдон ашык өлчөмдө материалдык зыян келтирген.

Шектүүлөр экөө тең Грузияда качып жүргөн жеринен кармалып, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) кызматкерлеринин коштоосунда Кыргызстанга алып келинди. Учурда тергөө иштерин жүргүзүү үчүн тергөө абагына киргизилди.

Башкы прокуратура жабырлануучулардын мыйзамдуу кызыкчылыктары корголорун, ошондой эле тергөөдөн жана соттон качып жүргөн адамдардын кылмыш жоопкерчилигинен кутулуп кетүүсүнө жол берилбесин эскертти.

Расмий маалыматка караганда, 2025-жылы чет өлкөдөгү жабык жайлардан 234 жаран Кыргызстанга экстрадицияланган. Быйыл эки айда алардын саны 81 кишини түзгөн.(ZKo)

Дагы караңыз

Жапаров Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук кеңешине шайланышын жоопкерчилик катары бааладыАннексияланган Донецкиде дрон соккусунан жети өмүр кыйылды Кувейт Ирандын аба соккусунан кеминде бир киши каза тапканын, бир нечеси жараат алганын билдирдиЛатвиянын премьери Орусия жана Беларус менен соода алаканы үзүүнү сунуштады"БУУнун жаңы тарыхын жазууга катышабыз". Кыргызстан эки жылда эмне сунуштайт? Эл аралык валюта фонду Борбор Азиянын банктарына кысым болбошу керектигин эскертти