Индияда мейманканада чыккан өрттөн Кыргызстандын үч жараны каза болду

Нью-Делидеги өрт чалган мейманкана.

3-июнда Индиянын борбору Нью-Дели шаарынын Малвия Нагар районунда Florist Inn мейманканасында чыккан өрттөн 21 адам, анын ичинде Кыргызстандын үч жараны (1976-жылы төрөлгөн, Х.Н., 2003-жылы төрөлгөн Х.Т. жана 1950-жылы төрөлгөн К.М.) каза болду.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) мейманканада жашаган чет элдик жарандардын көбү Нью-Дели шаарындагы медициналык мекемелерде дарылануу максатында Индияда жүрүшкөнүн билдирди.

Кыргызстандын Индиядагы элчилиги каза болгон кыргызстандыктардын туугандары менен байланышта болуп, зарыл болгон консулдук-укуктук жардамды көрсөтүүдө. Ошондой эле алардын сөөктөрүн мекенине жеткирүү аракети көрүлүп жатат. (BTo)

Дагы караңыз

Чет өлкөлүк машинелерди легалдаштыруу жараяны уланатКувейт Ирандын аба соккусунан кеминде бир киши каза тапканын, бир нечеси жараат алганын билдирдиЖапаров Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук кеңешине шайланышын жоопкерчилик катары бааладыАннексияланган Донецкиде дрон соккусунан жети өмүр кыйылды Рубио Ирандын Сакчылар корпусуна байланышы бар адамдар футбол делегациясына кирбеши керектигин айтты