Ушул тапта 30дан ашык кыргызстандык компания АКШнын, Улуу Британиянын жана Европа Биримдигинин “кара тизмесинде” турат. Президент Жапаров соңку маегинде санкция боюнча БУУга сунуш берилерин айтты. “Кайсы бир мамлекетке санкция киргизе турган болсо БУУда каралып, БУУнун чечими менен санкция киргизиш керек” деди ал.
Жарлыкта жазылгандай, бул чечим “Кыргызстандын улуттук экономикалык кызыкчылыктарын коргоо, санкциялык тобокелдиктерди алдын алуу жана минималдаштыруу маселелери боюнча мамлекеттик органдардын ишин координациялоону камсыз кылуу, ошондой эле чет мамлекеттер, эл аралык уюмдар, чет өлкөлүк жөнгө салуучулар, финансылык институттар жана башка өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүүдө Кыргызстандын макулдашылган позициясын иштеп чыгууну” көздөйт.
Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыковдун жаңы кызматы Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары макамына теңделет. Атайын өкүл макамы ага ушул жылдын соңуна чейинки мөөнөткө ыйгарылды. Бул аралыкта ал негизги жети тутумдан турган милдеттерди аткарышы зарыл.
Алардын арасында санкциялык тобокелдиктерди алдын алуу, ушул багытта чет өлкөлөр менен иштөө, санкциялык саясат, эл аралык чектөө чараларын сактоо, аларды айланып өтүүнү алдын алуу сыяктуу иштер бар.
Экономикалык серепчи Жоодар Омошев импорттолуп келген товарлардын Орусияга өтүп кетишин көзөмөлдөө үчүн Бажы кызматы бир катар аракеттерди көрүп келатканын айтат:
“Мунун бардыгы эмне үчүн болуп атат? Бизден келген товардын башка өлкөгө (Орусияга же Казакстанга) чыгып кетишине бөгөт коюу максатында ушундай болуп атат. Башкача айтканда, Бажы кызматы деле бул жаатта иштеп атканы көрүнүп турат. Себеби ушул “убактылуу выпуск” басылганы деле ошонун белгиси да. Бул товар Кыргызстанга келгенден кийин 3-4 айдан кийин башка жакка чыгып кетпесин деп көзөмөлгө алынып атат. Өлкөгө товарлар бир канал аркылуу эле кирбейт да, толгон-токой компаниялар бар. Алардын баарын көзөмөлгө алуу аябай эле оор болот. Мунун эки эле көзөмөлдөө механизми бар. Бирөө жөнөтүлгөн акча. Келген товарга сөзсүз түрдө банк аркылуу жөнөтүлгөндө гана көзөмөлдөй аласыз. Экинчиси, келген товарды Бажы кызматы аркылуу көзөмөлдөй аласыз. Ушул эки мамлекеттик институттун негизинде эле отчет берилип, өкмөт ошонун негизинде гана коюлган дооматтарга жооп бере алат. Мындан башка бир нерсе ойлоп табуу аябай оор болот”.
Дагы караңыз
"Өнөктөштүктү чыңдоо ниетине каршы келет". Кыргыз бийлиги санкцияларга жооп бердиОрус өкмөтүнүн санкциялык чараларды буйтоо саясатына көмөктөшүү дооматы коюлуп, жергиликтүү компанияларга үстөккө-босток салынып жаткан санкциялардан улам кыргыз өкмөтү иштиктүү чараларды көрүүгө мажбур болуп келет.
2024-жылдын күзүндө санкциялык тобокелдиктерди алдын алуу үчүн өкмөт Экономика жана коммерция министрлигинин алдында Мамлекеттик соода компаниясын түзгөн. Жаңы түзүмгө кыргыз компаниялары катышып, бирок өлкөгө келбей жаткан эл аралык соода агымына мониторинг жүргүзүү вазыйпасы жүктөлгөн. Андан күмөндүү соода ишмердигин иретке келтирип, ал жаатта финансылык операцияларды көзөмөлдөө милдетин аткарары күтүлгөн. Арийне, арадан жарым жыл өтпөй Мамлекеттик соода компаниясы кайра жоюлуп кетти.
Жоодар Омошев ишкана түзүлгөндөн тарта эле анын ийгиликтүү иштеп кетишине ишеним болбогонун белгилейт:
“Анын натыйжалуу болбошу ошол убакта эле белгилүү болгон. Себеби бул бюрократияны жаратып атпайбы. Жеке компаниялар Бажы кызматы менен Салык кызматынан тышкары дагы бир мамлекеттик институтка отчет берет деген эле кеп да. Ошолордон дагы кагаз алып, көзөмөлүндө болушуң керек. Бул турган жерден эле ишкерлерге оорчулук жаратмак. Менимче, ошол себептен ишке ашкан жок”.
Кыргыз бийлиги Кыргызстанга карата санкциялык чаралар адилетсиз колдонулуп жатканын билдирип келет.
3-июнда өткөн добуш берүүдө Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешине туруктуу эмес мүчөлүккө шайланды. Президент Садыр Жапаров “Кабар” улуттук маалымат агенттигине курган кезектеги маегинде мамлекеттердин башкаларга карата чечими БУУ менен макулдашып кабыл алынышын Коопсуздук кеңеши аркылуу көзөмөлдөй турганын билдирди:
"Кайсы бир мамлекетке санкция киргизе турган болсо БУУда каралып, БУУнун чечими менен санкция киргизиш керек. Өзүм билемдик менен эле каалаган мамлекет башка бир мамлекетке санкция киргизе берген башаламан жашоо токтошу зарыл. Мына ушундай жана башка дагы толтура өзгөртүүлөр боюнча сунуштар болот".
Дагы караңыз
"Согушка дрон жасоого кыздарды тартып жатат". Орусиянын опурталдуу жарнамасыКыргыз өкмөтү Батыш өлкөлөрү менен сүйлөшүүлөрдүн алкагында санкцияларды кыйгап өтүүгө тиешеси бар компаниялардын юридикалык каттоосун жокко чыгарууну караштырып жатканын майдын башында билдирген. 18-майда Юстиция министрлиги күмөндүү делген 50 компаниянын каттоосун токтотконун жарыялаган.
“Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги биринчи жолу санкциялык тобокелдиктери жогору болгон операцияларга аралашкан 50 юридикалык жактын ишин бир убакта токтотуу жөнүндө буйрук чыгарды. Бул чара "тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн ак ниетсиз катышуучуларын жана санкциялык тобокелдиктери жогору болгон операцияларды аныктоо боюнча мекемелер аралык өз ара аракеттенүү жөнүндө" жаңы буйрукту ишке ашыруунун алкагында кабыл алынды”, – деп айтылат Юстиция министрлигинин билдирүүсүндө.
Юстиция министрлиги бул чара Кыргызстандын экономикасын Батыш өлкөлөрүнүн экинчи даражадагы санкциялык чараларынын терс кесепеттеринен коргоо максатын көздөй турганын түшүндүрүп, тизмени Экономика жана коммерция министрлиги жана башка органдар бергенин кабарлады. Компаниялардын аталышы ачык жарыяланган жок.
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев 19-майда "Кабар" улуттук маалымат агенттигине курган маегинде күмөндүү компаниялардын тизмесин кайсы өлкөлөр бергенин билдирди:
Данияр Амангелдиев
“Мамлекет тарабынан андай иш-аракеттер (ред. - санкцияны айланып өтүү) жок. Бирок айрым компаниялар бар. Ошондуктан биз комиссия менен байланыштабыз. Алар тобокелдиктерди айткандан кийин аны изилдеп, жооп кайтарабыз. Мисалы, АКШ жана Улуу Британия 51 компания боюнча айып койду. Биз изилдеп чыгып 50 ишкананын каттоосун токтотуп койдук. Шек жараткан жагдайлар бардыр. Эми аны сотто далилдейбиз”.
Расмий Бишкек орус-украин жаңжалында бейтарап позицияны карманарын билдирип келет. Ошол эле маалда Кыргызстан санкциялык товарларды өткөрүп берүүдө ыңгайлуу аянтчанын ролун аткарып, Орусиянын экономикасына жардамы эбегейсиз болууда.
Расмий статистика соңку жылдары кош маанидеги товарлардын Европадан Кыргызстанга экспорту кескин өсүп, ошолордун эле кыргыз-орус соодасында көлөмү мурдагыга караганда көбөйгөнүн көрсөтүп турат.
АКШ, Улуу Британия жана Евробиримдик мамлекеттери 2022-жылдан бери санкциялык эрежелерди карманууга чакырып келет. Бул аралыкта Батыштын чабармандары Бишкекке утур-утур келип, кеп-кеңештерди өткөрүп жатышты.
Европа Биримдигинин санкциялар боюнча атайын чабарманы Дэвид О'Салливан соңку жолу февралдын аягында Бишкекке келип, кыргыз өкмөтүнүн өкүлдөрү менен жолугуп кеткен. "Азаттыкка" курган маегинде ал санкция салардан мурда кыргыз өкмөтү менен дыкат талкуу жүргүзүп жатканын билдирген:
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Дэвид О'Салливан: Бишкекке санкция тууралуу сүйлөшкөнү келдим
"Биз Кыргызстандын эгемендигин, көз каранды эместигин урматтайбыз. Бирок биз санкцияларды өз коопсуздугубуз үчүн киргизгенбиз. Финансылык мекемелер криптовалюта аркылуу санкциядан кандайдыр бир буйтап өтүү аракетин жасаган, санкциялар ошону изилдеп, аныктагандан кийин жарыяланган. Жаңы 20-пакетке дагы эки санкция киргизүү маселесин карап, сүйлөшүү жүргүзүп жатабыз, келген себебим да ошол боюнча талкуу жүргүзүп, өзүбүздүн түшүндүрмөбүздү берип жана Кыргызстандын аргументтерин угуу. Мен айткан эки товар (электроника жана учкучсуз аппараттарга байланыштуу) Кыргызстан аркылуу реэкспорт болуп Орусияга кетет экен, ошону аныктадык. Албетте, биз Кыргызстан менен Орусиянын тыгыз байланышын эске алабыз, кыргызстандык көп жарандар Орусияда иштейт, мигрант болуп жүрөт, көп каражат кыргыз экономикасына келет. Аны биз, албетте, эске алабыз".
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жакында “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип, санкциялык чараларга кылдат мамиле кылып жатканын, бирок Орусия менен мамилени бузуп алууга болбой турганын билдирген:
“Ушундай кээ бир ишканалар чыгып, ушундай бир иштерди жасап аткандар болсо биз аларды жабабыз. Биз дайыма айтып атабыз, биз санкциялык иштерге катышпайбыз, ошол эле убакта орус тарап менен биздин карым-катышыбыз чоң, аларга да түшүндүрүп атабыз. Биздин мигранттарыбыз ал жерде иштейт, ошолордон келген акча каражаттар да бар”.
Ушул тапта 30дан ашык кыргызстандык компания АКШнын, Улуу Британиянын жана Европа Биримдигинин “кара тизмесинде”. Алардын ичинде мамлекеттин катышуусундагы үч банк жана эки мамлекеттик ишкана бар. Муну менен катар Кыргызстанга эки түрдөгү товарды (металл кесүүчү станокторду жана үн, сүрөт, видео маалыматтарын берүүчү модем, маршрутизатор сыяктуу байланыш каражаттарын) сатууга чектөө коюлган.