Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев парламентти ар кайсы жылдары жетектеген спикерлер менен жолугушту. Ал жүргүзүлүп жаткан реформалар менен тааныштырып, санариптештирүү иштерине, парламенттин өнүгүүсүнө багытталган стратегиялык максаттарга жана милдеттерге токтолгонун ЖКнын басма сөз кызматы кабарлады. 6-июндагы жолугушууга экс-төрагалар Медеткан Шеримкулов, Алтай Бөрүбаев, Зайнидин Курманов, Алмамбет Матубраимов, Акматбек Келдибеков, Асылбек Жээнбеков, Марат Султанов, Айтибай Тагаев катышты.
Парламенттин басма сөз кызматы тараткан сүрөттө башка экс-спикерлер Адахан Мадумаров, Дастан Жумабеков, Нурланбек Тургунбек уулу (Шакиев), Абдыганы Эркебаев, Ишенбай Кадырбеков көрүнгөн жок.
Маалыматка караганда, жолугушууга келген мурдагы төрагалар акыркы жылдары Кыргызстан экономика, мамлекеттик башкаруу жана эл аралык кызматташтык сыяктуу негизги багыттар боюнча туруктуу өнүгүү жолуна түшкөнүн белгилешкен.
Маматалиев мыйзам чыгаруу ишин бекемдөөгө жана парламентаризмди өнүктүрүүгө кошкон салымдары үчүн негизде мурдагы төрагаларга атайын төш белгилерди ыйгарды.
10-февралда президент Садыр Жапаровдун буйругу менен Камчыбек Ташиев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагалыгынан алынган. Андан көп өтпөй Жогорку Кеңеште да бир топ өзгөрүүлөр болуп, Нурланбек Тургунбек уулунун ордуна Марлен Маматалиев 12-февралда спикер болуп шайланды. Кийин Тургунбек уулу баштаган бир нече депутат мандатынан баш тартышты. Айрым депутаттык топтордун жана тармактык комитеттердин төрагалары да алмашты.
"75чилердин ишине" байланыштуу кылмыш иши козголгон сегиз кишинин катарында Тургунбек уулунун иши сотто каралууда.
Президент Садыр Жапаров 11-мартта парламентте билдирүү жасап, "элди бөлүп-жарган" аракеттер болуп, убагында токтотуп калышканын" айткан. Мамлекет башчы депутаттарды “элди бөлүп-жарбоого” чакырган.
Жогорку Кеңештин азыркы VIII чакырылышында 30 шайлоо округунан келген 90 депутат бар. (КЕ)