Камактагы Султанбеков кылмыш ишин “бийликтин басымы” деп сыпаттады

Темирлан Султанбеков Бишкектин Биринчи май райондук сотунда. 28-май, 2026-жыл.

8-июнда “Социал-демократтар” партиясынын лидери, камакта жаткан Темирлан Султанбеков Бишкектин Биринчи май райондук сотундагы отурумга кирип баратып журналисттердин суроолоруна жооп берди. Ал козголгон кылмыш ишин “бийликтин басымы” катары баалап, ден соолугунда маселе жок экенин айтты.

2025-жылдын 22-ноябрынын таңында социалдык тармактарда бир катар саясатчылардын үйү тинтилип, кармалганы тууралуу маалыматтар тараган. Көп өтпөй Ички иштер министрлиги (ИИМ) Темирлан Султанбеков массалык башаламандыкка чакырык жасаган деген шек менен милицияга жеткирилгенин билдирип, ал бир бөлмөдө эки адам менен сүйлөшүп отурган видеону жарыялаган.

Тасмадан Темирлан Султанбековду, Эрмек Эрматовду жана славян улутундагы дагы бир кишини көрүүгө болот. Үчүнчү адамды ИИМ “белгисиз жаран” катары белгилеп, ал боюнча маалымат берген эмес. Милиция видеодо өлкөдө башаламандык уюштуруу тууралуу сөз болгонун кабарлаган.

ИИМ ушул эле күнү жапырт кармалган адамдарга байланыштуу маалымат таратып, алардын үй-жайын тинтүүдө курал-жарак, ок-дары, гранаталар, байланыш каражаттары, 150 миң доллар, тополоңду каржылоо боюнча документтер жана баңги заттар алынганын маалымдаган. Мекеме шектүүлөргө Жогорку Кеңешке шайлоодон кийин өлкөдө тополоң уюштурууну максат кылган деген айып койгон.

Кийинчерээк 150 миң доллар “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери, экс-депутат Адахан Мадумаровдуку экени белгилүү болгон. Оппозициялык саясатчы каражат анын үй-бүлөсүнө таандык экенин айтып, ИИМдин кызматкерлери акчаны далил зат катары алып кеткенин билдирген. Бул иш боюнча Адахан Мадумаров күбө катары сурак берип чыккан.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадырбек Атамбаевге, Темирлан Султанбековго жана экс-депутат Кубанычбек Кадыровго “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен кине коюлган.

Эрмек Эрматов, Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жеке жансакчысы Дамир Мусакеев, активист Турсунбай Шарапов, экс-депутат Шайлообек Атазов жана ишкер Урмат Барктабасов, ошондой эле толук аты-жөнү белгисиз (К.Н.К. жана У.у.Э.) дагы эки адам “Массалык башаламандыктар” беренеси боюнча шек саналууда.

Кармалгандар жана алардын жакындары коюлган айыптарды четке кагышкан. Экс-депутаттар Кубанычбек Кадыров менен Шайлообек Атазов 25-январда үй камагына чыгарылган. (BTo/KS)

Дагы караңыз

Зеленскийдин Лондон сапары: тынчтыкка жетүү үчүн беш шарт айтылды УКМКнын төрагасынын бир орун басары алмашты Депутат чет элдиктерге сатылып жаткан мүлктөр боюнча маселе көтөрдүКытай Тайвандын чыгыш жээгинде атайын операциясын баштадыИран менен Израил кайрадан бири-бирине сокку уруп жатат Кыргызстанда жайыт жерлердин 24% деградацияга учурадыБаш прокурордун орун басары Коңкубаева фейк аккаунттарды жабуу мүмкүн болбой жатканын айттыПрезидент Караколдо МИК салган үйлөрдү суу каптаган окуя боюнча комментарий берди