Жогорку Кеңештин экс-депутаты Мыктыбек Абдылдаев дүйнө салды

Мыктыбек Абдылдаев. Архив.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Мыктыбек Абдылдаев 8-июнда Бишкекте 73 жашында дүйнөдөн кайтты. Жакындары анын ден соолугу жакшы эле жүргөнүн айтышты.

Мыктыбек Абдылдаев Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Кара-Жыгач айылында туулган. Кыргызстандын эмгек сиңирген юристи, юридика илимдеринин кандидаты.

2002-2005-жылдары башкы прокурор болуп иштеген. 2006-2007-жылдары президенттик администрациясынын жетекчиси болгон. 2010-жылы “Ата-Журт” партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаттыгына шайланган. 2015-жылы “Бир Бол” партиясы менен Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты болгон.

2023-жылы Элдик курултайдын катчылыгынын жетекчиси болуп иштеген. (BTo)

Дагы караңыз

Ысык-Көлдө сел агызып кеткен өспүрүмдүн сөөгү табылдыЛатвияда дрон атып түшүрүлдү, дагы бири Молдованын аймагында жарылды Камактагы Султанбеков кылмыш ишин “бийликтин басымы” деп сыпаттадыЗеленскийдин Лондон сапары: тынчтыкка жетүү үчүн беш шарт айтылды УКМКнын төрагасынын бир орун басары алмашты Депутат чет элдиктерге сатылып жаткан мүлктөр боюнча маселе көтөрдүКытай Тайвандын чыгыш жээгинде атайын операциясын баштадыИран менен Израил кайрадан бири-бирине сокку уруп жатат Кыргызстанда жайыт жерлердин 24% деградацияга учурадыБаш прокурордун орун басары Коңкубаева фейк аккаунттарды жабуу мүмкүн болбой жатканын айтты