Ирина Карамушкинага ырайым берилбегенин адвокаты билдирди

Ирина Карамушкина. (архив)

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, Кыргызстан Социал-демократиялык партиясынын (КСДП) мүчөсү, учурда Чүйдүн Степное айылындагы аялдар абагында жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Ирина Карамушкинанын ырайым сураган өтүнүчү четке кагылды. Бул тууралуу экс-депутаттын адвокаты Аскар Алымкулов "Азаттыкка" билдирди.

Анын маалыматына караганда, ырайым берүүдөн баш тартууга Ирина Карамушкина коюлган айыпты мойнуна албаганы себеп болушу ыктымал.

"Бирок мыйзамда ал тууралуу жазылган эмес, күнөөсүн мойнуна алуу же албоо ырайым берүүдөн баш тартууга негиз боло албайт", - деп белгиледи адвокат.

Карамушкина президент Садыр Жапаровго ырайым берүүсүн өтүнүп, быйыл мартта кайрылган. Бир айдан кийин анын күйөөсү Манас Боркеев президент Садыр Жапаровго кайрылып, аялына ырайым берүүсүн суранган.

Карамушкина №2 аялдар абагына жазасын өтөөгө 2025-жылы ноябрь айында которулган.

Ал Кой-Таш окуясы жана шайлоодогу добуш сатып алуулар тууралуу айыптоонун негизинде соттолуп, жалпы сегиз жылга кесилген.

Ирина Карамушкина КСДПнын тизмеси менен Жогорку Кеңештин бир нече чакырылыштарында депутат болгон.(ZKo)

Дагы караңыз

Москвадагы жарылган автоунаадан Орусиянын Коргоо министрлигинин бөлүм башчысы мерт болдуУлуттук банк шылуундардын жаңы ыкмасы тууралуу эскерттиМурдагы милиция кызматкери Абдисатар уулу абакта кыйноого кабылганын айттыУКМК эл аралык террордук уюмдардын 31 мүчөсү кармалганын билдирдиЕврошаркет Кыргызстандын авиация тармагын жылына эки жолу текшерет