Жогорку Кеңештин депутаты Гуля Кожокулова Эсеп палатасы аныктаган каржылык мыйзам бузууларды териштирүүнүн жыйынтыгы боюнча маалымат сурап, башкы прокурордун орун басары Үмүткан Коңкубаевага кайрылды.
Коңкубаева былтыркы жылга карата Эсеп палатасынан Башкы прокуратурага 57 иштин иликтенген корутундулары жиберилгенин билдирди. Ал Эсеп палатасы прокуратурага бардык иликтөө корутундуларын жибербесин белгилеп, бар материалдарга текшерүү жүргүзүлүп, сунуштар берилерин айтты.
Депутат прокуратура органы эскертүү, сунуш берүү менен гана чектелип отурганын сынга алды:
"Сөз бюджеттин акчасы жөнүндө болуп жатат. Жок дегенде шалаакылык боюнча фактылар бар. Эмне үчүн катаал чара көрүлбөйт? Демек, сиздер андан ары мыйзам бузууга мүмкүнчүлүк берип жатасыздар. Бул деген мамлекеттин акчасы да. Прокуратура органы финансылык мыйзам бузууларга качан катаал жана так реакция жасайт? Жыл сайын мурунку жылдардагы финансылык катачылыктар кайталанат, мыйзамдар бузулат. Бирок "айтылды, сунуш берилди, чара көрүлөт, чечилет" деген жоопторду гана угабыз", - деди Кожокулова.
Башкы прокурордун орун басары Эсеп палатасы аныктаган факты кылмыш ишин козгоого негиз болуп бере албасын белгилеп, ал фактылар боюнча тыкыр текшерүү жүрөрүн, жыйынтыгына жараша чара көрүлөрүн билдирди.
Жогорку Кеңеш 10-июндагы отурумунда Эсеп палатасынын 2025-жылы аткарган иши боюнча баяндамасын укту. Мекеменин төрагасы Алмазбек Акматовдун депутаттарга берген маалыматына караганда, былтыркы жылы 21 млрд 414 млн 900 миң сомдук калыбына келтирүүгө тийиш болгон каржылык мыйзам бузуулар аныкталган. Анын ичинен 13,4 млрд сом калыбына келтирилген.
Эсеп палатасы 2025-жылы 98 аудитордук иш-чара жүргүзгөн. 216 айыл өкмөттүн, 16 шаардын бюджеттик түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттик текшерүүдө 1,77 млрд сом суммадагы каржылык мыйзам бузуу аныкталган. Анын ичинен 676,3 млн сом калыбына келтирилген.(ZKo)