Президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев Министрлер кабинети Майлуу-Суу лампа заводунун ишин кайра жандандыруу үчүн 1 млрд 159 млн 863 миң сом бөлгөнүн билдирди.
Мындан тышкары, президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен “Майлуу-Суу лампа заводу” ачык акционердик коомуна 931, 6 млн сом бөлүү чечими кабыл алынып, анын 600 млн сому компаниянын эсебине түшкөн. Бул каражат ишкананын карыздарын жабууга жумшалат.
Ошондой эле жыл башында заводго 116 млн 900 миң сом бөлүнүп, ал эмгек акыга жана жумуштан бошогондордун жөлөк пулдары боюнча карыздарды жабууга кеткен.
Ушул жылдын январь айында заводдун кызматкерлери өлкө бийлигине кайрылып, үч айдан бери маяна ала албай, ишкананын жетекчилиги аларды жумуштан кетүүгө мажбурлап жатканын айтып чыгышкан. Ишканадагы кыскартуу башталып, ага 550 кызматкер илингени белгилүү болгон.
Бакыт Төрөбаев 2-январда Майлуу-Суу лампа заводунун кызматкерлери менен жолугушууда ишкананын кирешеси жылдан-жылга төмөндөп баратканын, өндүрүштү өзгөртүү керектигин айткан.
1967-жылы ачылган завод 1974-жылы 1 миллиард электр лампасын өндүрүүгө жетишкен. Советтер Союзунан кийин иши солгундаган ишкананы 2003-жылы орус ишкерлери 3,6 миллион долларга сатып алышкан, бирок мамлекетке карызы көбөйгөндүктөн 2009-жылы банкрот деп жарыяланган.
Кийин ал Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун банкроттук иштер боюнча департаментинин карамагына өткөн. (BTo)